Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык мамэкотехинспекциясынын башчысы Садыркуловдун өлүмү тууралуу иш боюнча сурактан өткөндүгүн танбайт

Ошону менен бирге эле Медетбек Маметов иликтөө иштери сотко чейин эле токтогондугун, анын бул чуулгандуу ишке катыштыгы жок экендигин баса белгиледи

Бишкек шаары боюнча мамэкотехинспекциянын жаңы жетекчиси Vesti.kg сайтына президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иште сурактан өткөндүгүн бышыктады. Бирок ал өзүнө карата болгон иликтөө иштери токтотулгандыгын айтты. Медетбек Раимбердиевич анынөз атына байланышкан чаташтырууларга чекит койду.

Түшүндүрө кетели, Vesti.kg сайты Маметовдун мурда Садыркуловдун өлүмүнө шектүү катары сурактан өткөндүгүн жазган эле, бирок ал иште Рустам Маметов деп аталган болчу.

Чиновниктин түшүндүрүүсүнө караганда, экинчи атты ага бир туугандары беришкен.

Мен эч качан өз атымды өзгөрткөн жан эмесмин, - дейт жаңы дайындалган жетекчи. - Мени туулганда эле Медетбек деп аташкан, менин бур туугандарымдын аттары «Р» тамгасынан башталгандыктан мени рустам деп алышкан. Мен анда бирге да чыга элек убагым экен. Бирок мен кай жерде иштесем да расмий түрдө аты жөнүм Медетбек Маметов.

Ошону менен эле бирге Медетбек Раимбердиевич саясаттагы чуулгандуу өлүм боюнча сурактан өткөндүгүн бышыктады.

- Мага карата иш токтотулган, ал сотко деле жеткен жок, - деп баса белгиледи. - Анткени мен ал ишке эч кандай катыштыгым жок. Мага каршы бир да көрсөтмө болгон эмес. Бардык күнөөлүү адамдар жазаларын алышкан.

Маметовдун сөзү боюнча, Мамэкотехинспекцияда ал 2015-жылдан бери иштейт.

- Мен 2014-жылдан бери ИИМдин ардагеримин, - дейт ал. - Милицияда 20 жыл ашуун иштедим, жетекчилик кызматтарда болдум. Пенсияга күчүм ашып-ташып турган убакта кеттим. Өлкө үчүн дагы да иштеп бермекмин, бирок иштетишкен жок. Андан кийин ишкерлик менен алектендим. Мамэкотехинспекцияга 3 жыл мурун келдим. Жакында эле ротация болуп Бишкекке келдим. Менин биринчи кесибим - инженер-куруучу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх