Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иса Өмүркулов: Мени саткын деп жатышат, бирок саткындар мени партиядан чыгарып салышты

Депутат анын Атамбаев менен болгон мамилеси азырынча жакшы, бирок мындан ары турмуш көрсөтөт эмне болоорун деп билдирди

Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу мыйзамсыз болду. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңеште маалымат жыйынында айтты.

КСДП фракциясынын лидери айткандай, аны саясий кеңешке чакырышкан эмес.

- Мен кечкурун ММКдан билдим, - деди Иса Шейшенкулович. - Кээ бир партиянын мүчөлөрү жыйын тууралуу билишкен да эмес. Мен протоколду көргөн жокмун, кимдер добуш беришкендигин да билбейм. Катышкандардын тизмеси менен тааныша элекмин.

Депутаттын сөзү боюнча, «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймылдын мүчөлөрү менен жоолугушканда ал өзүнүн бул акцияга карата болгон позициясын айтты.
По словам депутата, на встрече с членами движения

- Колдойбузбу же жокпу эми чечебиз, - деп билдирди Өмүркулов. - Мен делегаттарды кабыл алдым. Менин кабыл ала турган күнүм бар. Жоолугушууну эч ким уюштурган жок. Мен партиянын да уставын бузганым жок. Бул саясий бирикмеде 25 жылдан бери жүрөм. Ысык, суугуна күйдүм. Менин үй бүлөмө коркунуч келип турган убакта да партия үчүн иштегем.

Иса Шейшенкулович аны партиядан чыгарганга добуш бергендер революциянын идеяларын сатышты деп кошумчалады.
- Мени саткын деп жатышат, бирок мени саткындар партиядан чыгарышты, - деди депутат. - Анткени алар революциянын идеяларын сатышты.

Депутаттын ою боюнча, аны партиядан чыгаруу чечими, кимдир бирөөнүн арам ою.

- Мен партиянын идеяларын колдогом, мен бийликке бадык күчүмдү сартап алып келген адамым мени партиядан чыгарууга демилгечи болду, - деп баса белгиледи Өмүркулов. - Арам ойлорун ишке ашыруу үчүн ушул ишке барышты. Ким мага каршы иштегендигин убакыт көрсөтөт.

Андан сырткары, азырынча парламенттик «социал-демократтар» фракциясынын лидери болуп турган Өмүркулов журналисттерге саясий кеңештин чечиминен кийин Атамбаев менен байланыша электигин айтты.

- Байланышуунун кажети деле жок. Буга чейин күзүндө бир нече жолу жолуктук, - деп билдирди Өмүркулов.

Эске салсак, КСДП парламенттик фракциясынын депутаттарына Иса Өмүркуловду лидерликтен алуу сунушталган.

Бул тууралуу Өмүркулов өз алдымча эч нерсе кылбайм деп билдирди.

- Бул маселени фракциянын мүчөлөрүнүн кароосуна коём, - деп белгиледи ал. - Эртең жыйын болбойт, депутаттардын баары түштүктө Чыңгыз Айтматовдун маарекесин өтк-рүү менен алек болуп жүрүшөт. Саясий чечим партиянын ичинде башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Бир луттуу себеп болушу керек эле буга, ал нерсе жок.

Өмүркулов өзүнүн ар-намысы үчүн күрөшөөрүн билдирди.

- Экс президент менен азырынча мамилем жакшы эле, -деди ал. - Мындан аркы мамилени турмуш көрсөтөт эмне болуп кетээрин. Жооп сөзсүз болот. Мен бул партияга көчөдөн келип кошулган эмесмин.  
Ошону менен бирге эл өкүлү эртең менен КСДПнын депутаттары менен жоолугуштум, мага карата мамилелери өзгөрбөптүр деп кошумчалады.

Эске салсак, кечээ Иса Өмүркулов партиянын катарынан саясий бирикменин Уставынын у.8 пункттарына ылайык партиянын Уставына, тапшырмасына жана максатына каршы иш кылгандыгы үчүн чыгарылды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх