Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПдан чыгарылган Иса Өмүркулов чечимди легитимсиз деди

«КСДПнын саясий кеңешинин кечээги жыйынына мен чакырылган жокмун”-деди журналисттерге Иса Өмүркулов

Бүгүн,1-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйыны ар кандай маселелерди кароо менен башталышы керек эле. Андан соң боло турган өкмөттүк сааттын ордуна Иса Өмүркулов журналисттер үчүн пресс-конференция берди. Анда ал кечээ кечинде болуп өткөн КСДП партиясынын кеңешине чакырылбагандыгын айтты. «7-8 адам чакырылыптыр. Кворум жок болчу.Саясий кеңештин чечими легитимдүү эмес»-деди Иса Өмүркулов. «Атамбаевсиз КСДП» деген демилге менен жүргөндөрдүн чогулушуна барганым чын,бирок алардын аракети туура деп колдогон эмесмин»- деп кошумчалады Иса Өмүркулов. Андан сырткары ал 25 жылдан бери КСДП партиясында мүчө экенин айтып, бул чечим негизсиз кабыл алынган деп баалады.  

«Иса Өмүркулов 31-октябрда өткөрүлгөн КСДПнын саясий кеңешинин жыйынына чакырылган, ал билген. Анын КСДПнын мүчөлүгүнөн чыгышын туура деп эсептейм. Партиянын арты менен ийгиликтерге жеткендерден биз тазаланышыбыз керек»-деди Ирина Карамушкина. Анын айтымында Иса Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДПнын» чогулушуна барбашы керек эле. «Эгерде Сагынбек Абдрахманов уюштурган жыйынга Иса Өмүркулов барып, аларга кошулуу туурасында өз оюн айтпаган болсо, анда кечээ саясий кеңеш чогулган жыйынга катышып жагдайды айтып бериш керек эле. Ал аны кылган жок»-деди Ирина Карамушкина.
Эркингүл Иманкожоева, Данияр Тербишалиев жана Сагынбек Абдрахмановтор партиядан эчак эле чыгарылганын  айткан Ирина Карамушкина алардын партияны бир нече бөлүккө бөлгөнүн туура эмес деп эсептээрин кошумчалады.

Журналисттердин берген суроосуна Камчыбек Жолдошбаев маселени толук билбээрин айтып, Иса Өмүркулов өзү кетип калышы мүмкүндүгүн болжолдоду.

Парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева КСДПнын партиялык жетекчилигинде мүчө эместигин айтып, алар кабыл алган чечим легитимдүү же легитимдүү эместигине баа бере албастыгын белгиледи. «КСДПнын партиялык жетекчилигинин өзүнүн жобосу бар.Бардык чечимдер ошол жобонун негизинде кабыл алынышы керек»-деди Айнуру Алтыбаева.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын  31-октябрь күнү кечинде КСДП партиясынын саясий кеңешинин чечими менен Иса Өмуркулов партиянын түзүмүнөн чыгарылды.

Акылай Рахматулла

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх