Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик аппаратта иштеген Мира Карыбаева кызматтан кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкта Мира Карыбаеваны башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетти деп жазылган

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева 2018-жылдын 1-ноябрынан баштап кызматынан бошотулду.

Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси наамы бар 51 жаштагы Мира Карыбаева президенттик аппаратка  КРнын президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан 2010-жылдын ноябрь айында социалдык-экономикалык сектордун эксперти болуп келген.

Ал алты жыл бою президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2016-жылдын сентябрь айында Мира Карыбаева КРнын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басарлыгына көтөрүлөт. Ал кызматта жарым жыл иштеген соң президенттин кеңешчиси болуп дайындалат. Ал кызматта да Мира Карыбаева жарым жыл гана иштейт.

2017-жылдын сентябрь айынан баштап Президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, ошол эле учурда аппарат жетекчисинин орун басары рангында иштеп келген.

Акылай Рахматулла
Фото www 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх