Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Икрамов: Эки тизгин, бир чылбыр баары бир фракциянын колунда. Өмүркулов лидер боюнча кала берет

Депутаттын оюнча, анын кесиптешин КСДПдан чыгарып салуу мыйзамсыз болгон

Иса Өмүркуловду партиядан чыгарып салуу мыйзамсыз болду, - деп эсептейт ал. Бул тууралуу оюн Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

- Чечим мыйзамсыз болуп калды, - деп эсептейт ал. - Эгерде Иса Шейшенкулович соттошо турган болсо, сот анын тарабында болот. Андан сырткары, фракция ичинде башаламандык болушу да мүмкүн. Бирок иш жүзүндө башаламандык болду, анын натыйжасында Өмүркуловду партиядан чыгарып салышты.

Икрамовдун ою боюнча, Иса Өмүркулов КСДПнын парламенттик фракциясынын лидерлигинде кала берет.

- Негизги ишти фракция аткарат, - деп баса белгиледи ал. - Мнин оюмча аны бул кызматтан ала алышпайт...

Эке сала кетсек, кечээ КСДПнын саясий кеңеши болуп, анда саясий бирикме Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх