Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрбөйт

Партиядагылар депутат Ирина Карамушкина бир нерсени туура эмес түшүнүп алган окшойт дешти

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрбөйт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Чамасы, Ирина Карамушкина бизди маалымат жыйынын өткөрөт деп, бир нерсени туура эмес түшүнүп алган окшойт, - деди Кундуз Жолдубаева. - Алмазбек Шаршенович эч нерсе деп сөз сүйлөбөйт.

Ошону менен бирге эле, КСДПнын өкүлү Иса Өмүркуловдун күзүндө Атамбаев менен жоолуккам дегени калп экендигин белгилеп кетти.

- Өмүркулов партиянын лидери менен мартта өткөн акыркы сьездден бери жоолуга элек, - деди ал. - Андан сырткары, ал бир да жыйынга келген жок, бирок аны чакырып эле жатышты. Ал кечээ да келген жок. Иса Шейшенкуловичтин эмнеге саясий кеңешке келбегендиги тууралуу түшүндүрмө да алган жок.

Эске салсак, бүгүн депутат Ирина Карамушкина журналисттерге Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын берип, ар кандай суроолорго жооп берет деди. КСДПнын төрагасынын орун басары катары Карамушкина берилген суроолорду Атамбаевдин жеке өзүнө жеткирем деп убада берди.

«Социал-демократтардын» катарынан чыгарылган Иса Өмүркулов ушул күздө Атамбаев менен бир канча ирет жоолуктум деп билдирген.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх