Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын депутаты ичиндеги бугун чыгарып алды

Ирина Карамушкина Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы, Атамбаевдин бере турган маалымат жыйыны, партиядагы куугунтуктоолор жана башка нерселер тууралуу айтат

КСДПнын саясий кеңешинин жыйынына кеңештин 10 мүчөсү катышты, дагы тогузу ишеним кат берип жиберишиптир, жыйынтыгында Иса Өмүркуловду өздөрүнүн катарынан чыгарып салышкан. Бул туурасында Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары депутат Ирина Карамушкина журналисттер менен болгон жоолугушууда айтты.

- Кворум болду, - деп баса белгиледи ал. - Чечим көптө кабыл алынды, анткени Иса Шейшенкулович көптөн бери бул партияда турат. Биз бирге өстүк ушул партиядан, уруштарда ийиндешип турганбыз.  Өмүркуловдун миссиясы - партияны өнүктүрүү болчу, анткени президенттик шайлоонун алдында шайлоочуларга көптөгөн убадаларды берген. Бирок, акыркы убактарда Иса Шейшенкулович саясий кеңешке катышпай, активдүүлүгү жоголо баштады. Ал өзүнүн так багытын айтышы керек болчу, же болбосо кимдерден чочулап жаткандыгын түшүндүрүшү керек эле. Кечээги жыйын тууралуу деле ал эң сонун билген. Эми болсо мен уккан, билген жокмун деп актанып жатат. Анын фракция лидерлигинен кетпейм деген сөзү арык аттап, суу кечпейт. Саясий кеңештин чечими баарынан жогору турат.

Андан сырткары, эл өкүлүнүн сөзү боюнча, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылына партияга эч кандай тийешеси жок эле адамдар катышып жүрөт.

- Ушунун баары ишти жандуураак алып барууга кезек елди дегенди түшүндүрөт, - деп баса белгиледи Карамушкина. - Бүгүнкү күндө КСДПга эч кандай тийешеси жок адамдар республикада жалган жыйындарды өткөрүп жүрүшөт. Мисалы, Данияр Тербишалиев «Республика - Ата Журт» партиясында талапкер катары катталып жүрөт, Эркингүл Иманкожоева - «Ата Мекен», Канат Хасанов болсо апкачан эле партиядан чыгарылган. Бүгүнкү күнү КСДП кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Андан сырткары биз расмий жыйындарды өткөрүүдө тоскоолдукка учурап жатабыз. Бишкектин мектептеринин биринде бизге жоолугушуу өткөрүүгө тыюу салышты. Билим берүү мекемесинин директорун УКМКдан чалып коркутушкан. КСДПга жыйын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берсең иштен алынасың дешкен.

Депутаттын айтымында, куугунтук партиянын катардагы мүчөлөрүн да кыйгап өткөн жок.

Карамушкина партиянын ишине активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн бир кыз тууралуу айтып берди. Эл өкүлү бул жаш кыздын Фейсбук социалдык тармагында, болжол менен УКМКнын чекисттеринен кат алган. Алар жаш кызды партиялык ишмердүүлүгүңдү токтот, өз тирилигиңди кыл деп коркутушкан.

- Партияга куугунтук башталды, - деп эсептейт Ирина Юрьевна. - Мисалы, бир жума мурун мен парламенттеги мамлекет башчынын өкүлү Курманбек Дыйканбаев аркылуу президенттин кабыл алуусуна жазылайын дедим эле, бирок мени кабыл албай коюшту. Андан да, жакында эле Дыйканбаев КСДПнын Ысык-Көлдөгү өкүлдөрүнө чалып, аларга өз ишеним каттарын Иса Өмүркуловдун пайдасына берип жиберүүсүн талап кылган. Дыйканбаев деген ким өзү? Эмне үчүн ал партиянын өнүгүшүнө кийлигишет?!

Сөзүнүн аягында Ирина Юрьевна жакын ортодо Алмазбек Атамбаев коомчулукка аралашат деп айтты.

- Ал бир чоң маалымат жыйынын бергени жүрөт. Ошол жерден каалаган сурооңорду бересиңер, деди ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх