Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскарбек Шадиевдин иши боюнча соттук отурумдун күнү белгиленди

Депутатка карата козголгон үч кылмыш иши тууралуу иликтөө аяктады

Депутат Аскарбек Шадиевдин кылмыш иши тууралуу материалдар сотко өткөрүлдү. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Жогорку соттон билдиришти.

- Сот жараяны 5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталат, - деп тактады Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунан.

Эске сала кетели, депутат Аскарбек Шадиевди кызмат абалынан пайдалангандыгы, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү жана кылмыштуу жол менен табылган кирешени мыйзамдаштыргандыгы үчүн айыптап жатышат.

Бүгүнкү күндө Шадиевдин кайда экендиги белгисиз. Эл өкүлүнө эл аралык издөө жарыяланган.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх