Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү Министрлиги Гүлмира Кудайбердиеванын эмне үчүн Африкага учуп кеткендигин түшүндүрүштү

Мекемедегилер учакка белетти кабыл алуучу тарап төлөп бергендигин баса белгилешти

Кыргыз Республикасынын илим жана билим министри Гүлмира Кудайбердиева Африкага мектепте ысык тамак берүү программасын ишке ашыруу үчүн кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекемедегилер билдиришти.

Бул программаны БУУнун Дүйнөлүк Азык түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырышат.

Мурда Vesti.kg сайты Элвира Сурабалдиеванын мекеменин башчысын Туниске барган сапары үчүн сынга алгандыгын жазган болчу. Депутаттын ою боюнча, мектеп балдарынын тамагынын көйгөйүн чет мамлекетке барып чечпестен, өлкөнүн ичинде чечүү керек.

«Мени ысык тамак берүү маселесин чечкени анын Африкага кеткени таң калтырды, - дейт Сурабалдиева. - Кечирип коюңуздар, мектептеги ысык тамак менен Африканын кандай байланышы бар?  Андан көрө министр болуп турганучурунда Кыргызстандын мектептерин кыдырбайбы? Менин билишимче ал жарымын да кыдырган эмес».

Министрликтегилер Гүлмира Кудайбердиеваны жылда өтүүчү Дүйнөлүк балдардын тамагы боюнча форумга чакырып, анын мектеп балдарына тамак берүүдөгү ийгиликтүү иштеринин сырларын бөлүшүү үчүн чакырышты деп айтышты.

- БУУнын Дүйнөлүк азык түлүк программасы 2013-жылдан бери болуп жаткан иш чара, - деп түшүндүрүштү андагылар. - Эмне үчүн Туниспи? Өлкөнү БУУ тандап алат. Форумга 300 чукул өкмөттүн өкүлдөрү жана ишкерлер катышты. Билим берүү министри чакырылган 20 мамлекеттин бири болду. Ага белетти кабыл алуучу тарап сатып берди.

Билим берүү Министрлигиндегилер 2013-жылы мектептердин 13 пайызында гана ысык тамак берилчү, ал эми бүгүнкү күнү Дүйнөлүк азык түлүк программасы менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында алардын саны эки эсеге өстү. Жалпыга билим берүүчү  2262 окуу жайынын 1146 мектебинде ысык тамак берилет.

- Бюджеттен жыл сайын ысык тамак үчүн 500 миллион сом бөлүнөт, - дешет андагылар. - Дүйнөлүк азык түлүк программасы жабдуулардан жардам кылат, жергиликтүү администрация болсо ремонтко жардам кылат. Эскилиги жеткен мектептерде санитардык нормаларга жооп бере турган ысык тамак берчү имараттар жетишсиз.

Министрлик ДАП менен бирдикте  130 тамактын түрүн тизмеге киргизди, ашпозчулар окуп келишти.

Конференция 2018-жылы 21-25 - октябрда болуп өттү.

Элвира Сурабалдиева өз сөзүндө Гүлмира Кудайбердиеваны «өз тирилигин» кылгандын ордуна чет мамлекетке саякаттону жакшы көрөт деп белгилеп кетти.  

«Бизде көйгөйү көп мектептер толтура, - деп нааразы болот ал. - Билим берүүнүн сапатына, тамакка, окуу китептеринин жетишсиздигине, мугалимдердин айлыгына арыздар тынымсыз түшүп турат».

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх