Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясынын көрөнөгүндөгү үч ката. Борбор шаардын муниципалитетинде териштирип жатышат (сүрөт)

Баннердеги көк бөрү боюнча жазылган текст кыргызстандыктардын оозун ачырды

Бишкек мэриясынын муниципалдык көк бөрү боюнча командасынын баннердеги жазуусунда үч грамматикалык ката кетиришкен. Автомобилге илинип турган плакаттын сүрөтүн Фейсбук колдонуучу Алишер Ташматов жарыя кылган.

Сүрөттөн кыргызча жазылган эки сүйлөмдө үч ката кеткендигин көрүүгө болот.

«Мамлекеттик тил үчүн чуркагандар! Эң жөнөкөй каталарды кетирип жатышат… Ушундай каталарды иш кагаздарынын документтеринде кетирсе эмне болот!», - деп жазат Ташматов.

Бишкек мэриясында ушул убакта плакатты ким жазгандыгын издеп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg

сайтына борбор шаардык муниципалитеттин маалымат катчысы Калперизат Айдарбекова билдирди.

- Азыр бул жазуунун авторун аныктайбыз. Плакатты команданын өзү даярдаган болушу мүмкүн, - деп маалымдады ал.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх