Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Түндүк-Түштүк жаңы жолунун курулушуна 78 миллион доллар алат

Акчаны Азия өнүктүрүү банкы бөлүп берет

Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши Түндүк-Түштүк стратегиялык жолунун курулушуна 78 миллион доллар бөлүп берет, ал жол Кыргызстандын эң ири аймактарын бириктирет деп билдирди эл аралык каржы уюмунун маалымат кызматы.

Балыкчы жана Жалал-Абат шаарларын туташтырган Түндүк-Түштүк кошумча жолунун узундугу 433 километрге созулат. Ал курулуштун башталганына эки жылдын жүзү болду, курулуш экс-президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен башталган. Бул долбоордун алкагында узундугу 4 миң метрге созулган жана 2,5 миң метр бийитктикте жайгашкан тоннель курулушу каралган, ал тоннель Фергана кырка тоосунун түштүк жана түндүк жактарын байланыштырат. Бул Көк-Арт ашуусундагы тоннель курулушунун баасы 129 миллион долларды чапчыйт. Ал эми Түндүк-Түштүк кошумча жолунун жалпы баасы 850 миллион долларга бааланат.

«Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши жолду бүтүрүүгө 78 миллион долларлык каржылоону  тактады. Бул жол деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөнүн эки чоң базарын бири бири менен байланыштырат. Азиаттык өнүктүрүү фондунан 68,5 миллион доллар кредит жана 9,5 миллион доллар грант өлчөмүндөгү кошумча жардам  Түндүк-Түштүк жолундагы эки участканы жакшыртат», - деп билдирет АӨБ маалымат кызматы.

АӨБ портвель башкаруусу боюнча башкармасынын башкы адиси Нарендра Сингрунун сөзү боюнча, Кыргызстан автомобиль жолунан көп көз каранды, ал эми ички жолдун алсыз болушу экономиканын өнүгүшүнө кедерги болот.

«Бул долбоор бул маселелердин кээ бирин чечет, аймактык экономикалык борбюорлорго жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну жеңилдетет», - деп эсептейт ал.  

Азыркы учурда түндүк менен түштүктү бир гана Бишкек-Ош автожолу гана байланыштырып турат. Анын узундугу 600 километр, ал бийиктиги деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте турган тоолуу серпантиндерден өтөт. Кыш мезгилинде автожолдогу кыймыл кыйындыкка дуушар болот, анткени кар көчкү коркунучу өтө жогору. Жыл сайын бул жолдо жүздөн ашуун кар көчкү болуп турат.

 

Булак РМА Новости

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх