Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскарбек Шадиевди сотко чейин депутаттык мандатынан ажыратышты

БШК «Бир Бол» фракциясынын арызынын негизинде чечим кабыл алды. Парламенттеги бош орун тизме боюнча андан кийинки талапкерге өттү

Аскарбек Шадиевдин депутаттык мандатын алып салышты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

- Комиссия мындай чечимди «Бир Бол» фракциясынын арызынын негизинде кабыл алды, - деп түшүндүрдү ал. - «Бир Бол» фракциясындагылар Аскарбек Шадиев фракциядан чыгуу тууралуу арыз жазды деп билдиришти.

Абдыжапар Гапырович Шадиевдин ордуна Эрмамат Тагаев келет деп билдирди.

Эске сала кетели, депутат Аскарбек Шадиевге  кызмат абалынан кыянатчылык менен колдонду, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өттү жана кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди мыйзамдаштырды деген күнөө тагышкан.

Бүгүнкү күндө Шадиевдин жүргөн жери белгисиз. Эл өкүлүнө эл аралык издөө жарыяланган.

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх