Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаттары менен кеңири эле байланышабы?

«Бир Бол» фракциясынын депутаттары анын фракция жетекчилигине жазган катынын негизинде, аны «Бир Болдон» чыгарышкандыгы белгилүү болду

 Издөөдө жүргөн депутат Аскарбек Шадиевди анын жеке арызынын негизинде фракциядан четтетишти. Бул тууралуу Vesti.kg  сайтына «Бир Бол» фракциясынын катчылыгы билдирди.

- Шадиевдин арызын фракциянын жетекчилиги алды, - деп билдирди катчылыктан. - Аны ким берип жибергендиги тууралуу бизде маалымат жок. Кечээ жабык эшик артында отурум болду, жыйынтыгында аны фракциядан четтетишти.

Өз кезегинде аталган фракциянын мүчөсү Жаныбек Бакчиев Шадиевдин кайсы арызы тууралуу сөз болуп жаткандыгын билбейт.

- Мен азыр командировкадамын, отурумга катышканым жок, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Арыз тууралуу эч нерсе билбейм.

Мурдараак Vesti.kg сайты Боршайком Шадиевдин депутаттык мандатын «Бир Бол» фракциясынын арызынын негизинде алып салгандыгын жазган эле. Анын ордуна Айтмамат Тагаев келди.

Эске салсак, депутат Аскарбек Шадиевди кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү жана кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу боюнча айыптап жатышат.

Азыркы убакта Шадиевдин жүргөн жери белгисиз. Эл өкүлүнө эл аралык издөө жарыяланган.

 

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх