Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте МАИ кызматкери кызматтык автоунаасын жөө адамдар жүрчү жолго токтотуп койгон. Ага айып салышты (сүрөт)

ИИМдин ЖКККМБ алардын кесиптеши жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн жаза алгандыгын билдиришти

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө Башкармалыгынын Бишкек ШИИБ боюнча кызматкери кызматтык унаасын жөө адамдардын жолуна токтотуп салып эрежени бузган.  

Эреже бузгандын сүрөтү «Аkipress» МА жарыяланган. Сүрөт ушул жылдын 31-октябрында тартылган. Күбөлөрдүн маалыматы боюнча, милиционердин унаасы жөө адамдардын жолун бөгөп калган.

Ал ортодо КР ИИМдин ЖКККМБ Vesti.kg сайтына милиционерге жазасын бердик деп билдиришти.

- Жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн Бишкек ШИИБ боюнча ЖКККМБ кызматкерине административдик протокол түзүлгөн, - деп маалымдашты мекемеден.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх