Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Күйөөм менен сүйлөштүм, бирок анын эмне дегенин силерге айтпайм...»

«Кыргызаэронавигациясынын» башчысынын орун басарынын өлүмүнө айыпталып жаткан кишинин аялы күбөлөрдү издеп каргаша болуп өткөн жолго чыккан. Аял чындыкты издеп табууга ишенет

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткандардын биринин аялы Зейнеп Сулайманова ошол кайгылуу окуянын күбөлөрүн издеп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал аял өзү айтып берди.

- Мен өлгөн кишинин жакындарынын кайгысын түшүнөм, бирок биздин жакындарыбыз тирүүго, ошондуктан иштин калыс иликтенишин каалайбыз, - дейт ал. - Мен чындыкты издеп жатам. Күйөөм менен сүйлөштүм, бирок анын айткандарын силер менен бөлүшө албайм, бул тергөөгө таасирин тийгизет. Анын үстүнө өлгөн кишинин үй бүлөсүнүн кайгысын күчөтпөйүн.

Зейнеп Сулайманова тергөө органдарынын окуя болгон жердеги тартылып алынган видеосу бар жана анын үстүндө адистер иштеп жатат деди.

- Ал каргашалуу окуя болгон учурда жанынан көптңгңн маштналар өтүп жаткан, бирок мага ушул убакка чейин эч ким чалган жок, - деп белгиледи ал. - Андан сырткары, окуя болгон учурда ал жерден аскер формасын кийген адам өткөн, ал дарыгер болчу жана биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Аны биз да издеп жатабыз, анткени ал ошол кырдаалды түшүндүрүп бермек. Мен мына эки күндөн бери турам көчөдө, кимдир бирөө келип айтаар болгон окуяны деп үмүт кылып жатам.

Эске салсак, мурда  Vesti.kg сайты Бишкекте 21-октябрда мушташтын натыйжасында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлгөндүгүн берген эле.

Ошол учурда милиция эки машина жол талаша кетип, ошонун айынан мушташ чыкты деп билдирген. Жаңжалдын кесепетинен Жакыпбаев жыгылып түшүп, бордюрга башы тийип каза болуп калган.  

Тергөө органы денеге атайылап залал келтирүү беренеси менен кылыш ишин козгогон. Шектелген экөө тергөө абагына камакка алынган.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# DONET 12.10.2020 18:07
Салам мырза айым

Электрондук почта:
Акчаңыздын бардык көйгөйлөрүн ушул жерден таба аласыз. Бул аял мага насыя берди, мен жылына 2% менен үй-бүлөм менен бактылуумун. Мен сизге мендей кылыңыз деп кеңеш берем
Электрондук почта:

Мадам: DONET PATRICIA ANDRE
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх