Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүүнү сунуш кылды

Эксперттер көйгөй башмыйзамда эмес, саясатчыларда деп эсептешет. Анткени алар бири бири менен келише албай жатышат

Кыргызстанда кезектеги конституциялык реформа жасаш керек. Мындай деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан бекешев Фейсбук социалдык тармагында билдирди. Эл өкүлүнүн сөзү боюнча. башмыйзамга түзөтүү киргизүү КСДП фракциясынын  жана партиянын ортосундагы тирешүү буга себеп болуп жатат.

2010-жылы кабыл алынган Кыргызстандын Конституциясы азыркы өлкөнүн саясий кырдаалына төп келбейт. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.

Бекешев мисал катары «Ар-Намыс» партиясын келтирет, ал мурунку шайлоолордо үчүнчү орунду ээлеп, жыйынтыгында тез эле быт-чыты чыгып калды, - деп белгилейт Игорь Альбертович. - Иш жүзүндө азыр андан бир гана илинүүчү жарнак гана калды. Дастан Бекешев бизде партия деген жоктугун, шайлоо алдында гана бириге калуу бар экендигин акыры түшүндү окшойт. Башкача айтканда, саясатчылар шайлоого аз калганда бириге калышып, андан кийин өз бетинче кетишет. Аларды партиялык платформа да, идеология да бириктире албайт.

Ошону менен бирге эле эксперт конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу депутаттын сунушу иш жүзүнө ашпайт деп эсептейт.

- Партияны жана фракцияны КСДП бүгүнкү күндө саясий жана партизандык топтор деп атап жатат, - деп баса белгиледи Шестаков. Башкача айтканда түзүм  талкаланып майда топторго бөлүнүп кетти. Эми ич ара өздөрүнчө согушуп жатышат. Биздин парламенттик системабыз анекдотко гана мисал болуп берет. Менин көз карашымда Бекешевдин сунушу ишке ашпаган нерсе, ал үчүн партиялар саясий уюм түзүшү керек. Алар бизнеси бар жана башка кыйын кишилердин катары менен толуктала баштайт. Конституцияны канча болсо да реформа кыла берүүгө болот.

Өз кезегинде саясат таануучу Марат Казакпаев партия өзүнүн ички көйгөйүн өзү чечүүсү зарыл, буга элди аралаштырбашы керек деп баса белгилейт. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Кыргызстандын эли референдумдардан тажады дейт.
- Фракция лидерине баш ийбей жатат, анткени партия талкаланып калды, - дейт ал. - Кыргызстанда өтө көп референдумдар болду, Коституцияга өзгөртүү киргизишти, бирок баары бир акыбал өзгөрүп кеткен жок. Мен көйгөй партиянын өзүндө деп эсептейм. Эгерде саясатчылар элдерден дагы башмыйзамды өзгөртүүнү суранышса, анда баркы кетет алардын. Элдер Жогорку Кеңештин таркоосун каалап жатышат. Көйгөй бири бири менен келише албаган саясатчыларда болуп жатат.

Түшүндүрө кетели, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев фейсбуктагы өзүнүн баракчасына  Конституцияга өзгөртүү киргизели деген сунушун жазды. Алар төмөнкүлөр:

« - парламенттик фракция партияга баш ийиши керек;  - фракция депутатты фракциядан чыгарууга акысы жок ( тартиптик мүнөздөгү гана чараларды көрүү, мисалы фракциянын атынан билдирүү жасоого тыюу салуу, кээ бир маселелер боюнча жыйында фракциянын атынан сүйлөбөө);
- пария сьездде ⅔ добуш менен депутатты негиздүү себептер менен чакырып алуу, бирок, анын ою үчүн, же көпчүлүктүн ою менен, болбосо кандайдыр бир устав үчүн эмес. - депутат өзгөчө оюн сунуш кылууга укуктуу;
- Өкмөт коалициялык көпчүлүктү түзгөн депутаттардын ичинен түзүлүүсү керек,  ошону менен бирге мандат да сакталышы керек;
- Премьер-министр болуп партиянын лидери дайындалышы керек, ал үчүн шайлоодо көп добуш алуусу керек же коалициялык көпчүлүктүн лидери болушу керек».

Дастан Далабайевич  партиянын талкалануусу 2011-жылы эле башталгандыгын кошумчалай кетти.

«Бул иш «бөлүп алып башкаруудан» башталган, 2011-жылы «Ар-Намысты» сындырышты, анан «Республика» менен «Ата Мекенди» сындырышты. Фракцияларды сындырып туруп, депутаттарга өздөрүнчө то топ болуп бөлүнүүгө жол берди. Депутаттык топтор партияларды талкалоодогу өз миссияларын аткарып болушуп, Конституциялык палатанын чечимине тыюу салышты», - деп жазат депутат.  

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх