Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Унааларды каттоонун Бишкектеги бөлүмүнүн начальниги тергөө абагына киргизилди

Ал унааларды каттоодо жарандардан акча чогултуп алган, ошондой эле автомектептердин окуучуларынан да акча алган

УКМКнын ККК кызматкерлери Бишкек шаардык унааларды жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүндөгү коррупциялык схеманын ишке ашуусун токтотту.

2018-жылы 2-ноябрда КР КК 313,313-1, 304, 314 беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык унааларды жана айдочулук кырамды каттоо бөлүмүнүн начальниги «А.Н» кармалды.

Өзүнүн жеке материалдык кызыкчылыгын көздөп КР жарандарынын унааларын катоо учурунда жана автомектептердин окуучулары сынак тапшырган учурда акча каражатын алып турган жана туруктуу коррупциялык схеманы түзүп алгандыгы аныкталды.  

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК маалымат кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх