Карасартова чиновниктик кызматка кээ бир адамдарга окшоп бийликке болгон көксөөмдү суутуш үчүн барбайм дейт
Укук коргоочу эмнеге министрдин орун басарлыгынан баш тарткандыгын түшүндүрдү
Укук коргоочу Рита Карасартова Vesti.kg сайтына өкмөт сунуш кылган бул кызматтан эмнеге баш тарткандыгын түшүндүрдү. Карасартованын сөзү боюнча, ал өзү билбеген мекемени жетектейин деген эмес.
Көп адамдар Омбудсмен институту социалдык өнүктүрүү Министрлиги менен окшош деп ойлошот. - Бирок иш жүзүндө андай эмес. Мага сен адам укугун коргойсуң, а бул болсо кудум ошол социалдык коргоо жааты деп айта башташты. Социалдык өнүктүрүү Министрлиги - бул жарандарга кыйын учурда колдоо көрсөтө турган орган. Бул жерде кеп майыптар, жалгыз бой аялдар жана башкалар тууралуу болуп жатат. Мен ал тургай андан ары кандай тизме болоорун да билбейм. Андан сырткары, мен ал мекемеге эч качан барган эмесмин. Анын кайда тургандыгын гана билем, анткени анын жанында менин балам окуган мектеп бар.
Укук коргоочу ал жерге бара турган адамдын конкреттүү пландары болушу керек деп түшүндүрдү.
- Мен эч качан бул мекеме менен иштешкен эмесмин, кандайдыр бир талаптар менен кайрылган да эмесмин, - дейт Карасартова. Мен бир саамга өзүмдү ошол кызматка коюп көрдүм, эч нерсени өзгөртө алгыдай эмесмин. Мээмдеги бардык акылымда топтоп келип ойлонсом да акылым жетпеди. Мен бул мекеме менен тааныш эмес экенмин.
Министрдин орун басарлык кызматынан баш тартуу менен Карасартова башкаларга үлгү болгусу келет. Кээ бир адамдар өзүнүн бийликке болгон көксөөсүн суутуш үчүн кызматка келет деп кошумчалады ал.
- Бир сөз менен айтканда. бул башкаларга сабак болсун, - деди ал. - Эгерде мен ал кызматка барып, териштирип, үйрөнүп, бир нерсени өзгөрткүчө көп убакыт өтмөк. Ал кызматка башында ою бар, даяр адамдар келиш керек.
Сөзүнүн аягында Рита Рахмановна эгерде ушул тармактын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына жиберсе оңоюраак иштемекмин деп мойнуна алат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www