Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ааламга жол айылдан башталат

Бишкекте өткөн аймактардын форумунда региондордун экономикалык жактан өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Жалал-Абад,Нарын,Ош жана Ысык-Көл облустарындагы 50дөн ашык айыл өкмөттөргө АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) 9,5 миллион долларлык  колдоо көрсөтүп жатат.  Долбоор 5 жылга созулуп, айыл аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталган.

Ноокат районундагы “Нарай суу” ичүүчү  сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы  Жигитали Рахмановдун айтымында Он эки-бел аймагында таза суу өтө терең казылган кудуктан алынгандыктан бардык жашоочуларга жетчү эмес.Бүгүнкү күндө аймакта 927 түтүн кожолук бар.Абшыр-Ата шаркыратмасынан агып түшкөн суу түтүк менен айылдарга жеткирилген.Он эки-белдиктерге суу 1000 кубдуу жергиликтүү сайда 18 саатта толуп таркатылат.

Ушул эле Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн юристи Абдыманап Мамытов аймакта таза суу чыккан булактар бар экенин айтып,аны  коңшу турган башка айыл тургундары пайдаланып келгенин белгиледи.Кара-Таш айыл өкмөтү Ноокат райондук салык кызматына кайрылып ошол булактын суусун пайдалануучулардан салык өндүрүүгө жетишкен.

Майрамбек Асанбаев Нарындагы Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенет. Анын айтымында буга чейин таштанды чыгарылган эмес. Айылдын тазалыгы туурасында маселе жаралганда ар бир короо менен абоненттик келишим түзүлүп, жан башына 8 сомдук  тарифтер иштелип чыккан. «Айыл өкмөттө түзүлгөн ишкана кызматкерлери бир айда бир жолу айыл кыдырып, таштанды чогултуп, айлананы ирээтке келтирип турушат»-дейт Майрамбек Асанбаев.

«Ийгиликтүү аймак» долбоорунун негизги максаты муниципалитеттерди күчтөндүрүү жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишеничин жогорулатуу. Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл областарындагы 50 муниципалитетти суу менен камсыздоо, таштандыларды кайра иштетүү, айыл-чарба жана башка жергиликтүү экномикалык өнүгүү үчүн маанилүү болгон кызматтарды жакшыртуусуна көмөк көрсөтүлүүдө.

Акылай Рахматулла
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх