Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Самара Каримованы кесиптик окуу жайдын директорлук кызматына кайрадан коюну министрден суранууда

Махабат Мавлянова  ырчыга адамгерчиликсиз мамиле болду деп эсептейт

Жогорку Кенештин дептаты  Махабат Мавлянова ырчы Самара Каримовага болушуп, маданият министринен аны Оштогу музыкалык окуу жайга директорлук кызматка кайрадан алып келүүсүн суранды. Бул туурасында эл өкүлү өзүнүн  Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында маданияттын жаңы министри Азамат Жаманкуловдун  Каримованы дайындалганынан көп убакыт өтпөй эле иштен алып салышы адамгерчиликке жатпайт.

«Чынын айтсам мен Самара Каримова менен жеке тааныштыгым жок, бирок анын социалдык тармактардагы жазгандарынан  анын таланттуу да  эмгекчил  да экенин байкадым. Ал бардык ийгиликтерди өз эмгеги менен тапты.  Аны музыкалык окуу жайдын директорлук кызматка дайындаган чечимди туура деп таптым эле, мындай адам иште тажрыйбасы жок болсо да  жакшы натыйжаларды бермек. Бирок Азамат Жаманкуловдун  3-4 күн өтпөй эле аны  иштен кетириши бул адамгерчиликсиз  мамилеси болуп калды. Мен анын директорлук кызматка кайрадан  келүүсүн туура деп эсептейм,  окуу жайды алдыга алып кетерине ишенем  ”- жазды Мавлянова.

Эске салсак, Самара Каримова ушул жылдын  24- октябрда  музыкалык окуу жайдын директорлук кызматына дайындалган. Анын иштен кетирүү боюнча буйрукка  1-ноябрда кол коюлган. Маданият, маалымат жана туризм министри  бул дайындоо мыйзамсыз болгонун маалымдаган.

 
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх