Патрулдук милицияны калыбына келтирүү демилгеси эксперттердин арасында талкуу жаратты
Патрулдук күзөт кызматын жоюу бул укуктук бузууларды алдын-алуу системасын кыйратууга барабар деген пикирлер бар
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын патрулдук милиция деп кайра атоо менен күтүлгөн натыйжаларга жетишүүгө ишеним аз. Мындай пикири менен Vesti.kg көз карандысыз эксперт, милициянын отставкадагы полковниги Александр Зеличенко бөлүштү.
- Кыргызстан мындай жолдон өттү,- деп белгилейт ал. - Милиционерлердин өздөрүнүн иштериндеги философия өзгөрүшү керек. Мен көптөн бери ГУОБДД жазалоочу орган болбошу керек деп айтып жүрөм. Мэриянын көчөлөрдөгү коомдук тартипти жөнгө сала турган жардамчысы болушу керек деп айтып келем. Тактап айтканда ар бир патрулдук экипажда көчөлөрдун кайсы бир участоктору бекитилип берилиши керек. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкери ошол жерде жарандар автомашиналарын үч катар кылып койбогондой, аялдамаларда таксилер токтоп турбагандай жана башка иштерге көзөмөл кылышы керек. Патрулдардын саны кыймылдын көптүгүнө жараша жөнгө салуусу жана жол кырсыктары боюнча иштердин сапатына жараша бааланышы зарыл.
Александр Леонидович мындан тышкары мыйзамдарды иштеп чыгууда антикоррупциялык жагдайларды эске алышы керек деп кошумчалады.
- Чет өлкөдө ушундай тажрыйба бар. Эгерде милиция кызматкерине “коррупция” боюнча иш козголо турган болсо, ал мекеме өзүнун адресине провокацияга жол берем, бул адам укугун бузганга жатпайт деген тил кат жазып берет деген мисалды келтирет ал.
- Мындай учурда көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлери пара берүү же алуу сыяктуу провокациялык чараларды жасоого наркотика боюнча сийдигинен анализ алуу өңдүү иштерди жасай алат. Эгерде гаишник наркотика боюнча жоопкер болуп калган болсо эгер ал дары дармектерди колдонгон адам болсо анын түшүндүрмөсү эске алынышы керек. Бирок экинчи жолу анализде тыюу салынган нерседен кайталанып чыгып кала турган болсо анда ал кызматкерди иштен кетирүү керек. Себеби ал же өнөкөт ооруга чалдыккан адам ал милицияда иштей албайт, же жөн гана тыюу салынган нерселерди ичип жүргөн адам болушу мүмкүн. Бул адам эч нерсени далилдебей деле койсо болот.
Өз кезегинде запастагы полковник Токтогул Какчекеев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын реформасы туурасындагы маалыматка өз пикирин билдирди.
- Мен азыркы долбоорду иштеп чыккан жумушчу топту капаланткым келбейт,- деп билдирди Vesti.kg. - Бирок менимче бул топко “ ыңгайлуу балдар” тандалып алынган окшойт. Же укук коргоо органдарында иштебегендер барганбы, айтор мен бул реформа жөнүндө укканымда ушундай ойлор келди, булар “айланага кайдыгер мамиле жасагандар” деген дагы.Кагаз жүзундө бардыгы ойдогудай, ийгиликтүү бирок эксперттер ички иштер мекемесиндеги ички резервдерди эске алышкан эмес.
Кыргызстанда милиционерлердин эң чоң бөлүгү бул –участкалык милиционерлер. Бизде милициянын айылдык бөлүмдөрү бар бирок участкалык милицияны биз майрам алдында кимдин үйүндө кандай курал- жарактар бар деп текшергенде гана көрөбуз. Жөн күндөрдо алар эмне менен алек экендигин деле билбейбиз.
Токтогул Какчекеевич ПРООН убагында “Коопсуз квартал” деген программаны каржылаганын кошумчалады.
- Бирок бул программа жыйынтык берген жок,-деп эске салды. Бизде милицияда ушунчалык кызматтар көп. Эми аларды бириктиребиз деп жатышат. Кайдагы бир акылдуулар келип комиссия түзүшүп бирдемелерди ойлоп чыгышууда. Кыргызстанда кылмыштуулук менен күрөшүүдө башка өлкөлөрдөн эч нерсеси менен деле айырмаланбайт, бирок башка өлкөлөрдө участкалык милицияларда укук берилген. А бизде алар тиши жок карышкырга окшош. Ошондуктан мындай реформаларды жүргүзүүдөн мурун жумушчу топко мурда укук коргоо органдарында жетекчилик кызматта иштегендерди чакырыш керек эле.
ИИМдин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин кеңешчиси Тимур Иманкулов ИИМ боюнча жумушчу топтун сунушу терс жагдайларга алып келиши мүмкүн деп эсептейт.
- Бизде төрт жыл мурда ушундай тажрыйба колдонулган, -дейт ал. Канчалаган миллион сомдор кетти, бирок жыйынтык болгон жок. Бардыгы мурда баштан өткөн классикалык совет системасына кайтып келди. Мындай система бүгүнкү күндө Россияда да бар. Патрулдук күзөт кызматын жоюу –бул укук бузууларды алдын алуу системасын кыйратуу, биринчи кезекте калк жашаган жерлерде ошондой эле башка дагы коомдук жайларда тескери таасирин берет..
Иманкуловдун пикири боюнча милицияны реформалоодо абдан таразалап туруп чечим кабыл алыш керек. Анткени бул эң чоң ири мамлекеттик орган болуп эсептелет. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуудагы эң талылуу субьект.
Реформаны ЕАЭБ деги стратегиялык өнөктөштөрү катары Россиянын, Казакстандын Ички иштер министрлигиндеги түзүлүштү эске алуу менен жүргүзүш керек,-деген ишенимде ал. Бардык илимий иштерде бир эле патрулдук күзөт кызматынын пайда болушу кылмышкердин планын бузганга тете деген түшүнүк жазылган.
Иманкулов МАИ менен патрулдук күзөт кызматын кошкондо МАИ кызматкери эч кандай укуктары жок эле жардам үчүн турганын түшүнүшкөн эмес-деп белгиледи.
- Андан көрө полициянын жаңы системасын сунушташса болмок же ички иштер органдарындагы бардык кызматтарга конкурс жарыяласа туура болмок,- деп сөзүн бүтүрдү ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен патрулдук күзөт кызматынын биригүүсүнөн кийин патрулдук милиция түзүлүшү күтүлүүдө. Бул туурасында президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жумушчу топ ички иштер органынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча стратегия иштеп чыгышкан. Анда жол коопсуздугун камсыздоо, Бишкекте патрулдук милицияны түзүү боюнча иш чаралардын план долбоору камтылган.
Реформа үч этап менен өткөрүлөт: конкурстук негизде кадрларды тандоо, жарандардын укуктары боюнча окутуу маселелери, тактикалык- ок атуу боюнча даярдыктар, жол кыймылынын эрежелери. Кызмат антикоррупциялык механизмдерди жана баалоо методдорун карап чыгат.
Пилоттук долбоор 2019–2020-жылдарда Бишкекте патрулдук милицияны түзүүнү көздөйт. Андан соң өлкөнүн бардык аймагын камтымакчы.
Вероника Малышева
Сүрөт www