Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абат облусунда 34 миң гектар жаңгак токоюн сактап калууга чара көрүлүп жатат

Жаңгак токоюнун көйгөйү бир эле экологиялык маселе эмес

 7-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы атагы алыска, даңкы даалайга жеткен айтылуу Арстанбапда  жергиликтүү бийликтин демилгеси, эл аралык байланышты  бекемдеген Германия кызматташтыгы коомунун  “GiZ” долбоорунун колдоосу менен  жаңгак фестивалы болуп өттү. Vesti.kg сайтынын журналисттери иш чараны жеринен чагылдырды. Фестивалга аймактын мектеп окуучулары,  токой чарбачылыктын  өкүлдөрү, токой чарба мекемелеринин кызматкерлери жана райондун жетекчиликтери, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров катышты. Иш чарага жергиликтүү таланттардын ыр, күүлөрү жаңырып, бийчи топтор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле фестивалдын алкагында токой мөмө-жемиш азыктарынын көргөзмө жарманкеси болду. 34 миң гектар   жаңгак-мөмө токоюн сактоо жана коргоо боюнча маселе көтөрүлүп,  токой чарба адистери жаңгак токоюн өнүктүрүү тууралуу өз ойлорун айтышты.

Жаңгак токоюнун сапатын жакшыртууга жана аны коргондоого, жаңгактын майын иштетип чыгарган майжубаз курууга аталган Германия кызматташтыгынын “GIZ” долбоору чоң салым кошкон. Андан сырткары, аталган фестивалга GIZ программасынын “Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” долбоорунун куттуктоо сөздөрү айтылды. Куттуктоо сөздөрүн Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров баштап ачып берди.

Бул долбоордун жетекчиси Эдит Кошкин куттуктоо сөздөрүнөн кийин биздин кызыккан суроолорубузга жооп берип, төмөнкүлөрдү айтып берди: GIZ  программасынын “Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштырууаркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” долбоору Арстанбап жаңгак токой аймагындагы дээрлик бардык токой чарбаларга колдоо көрсөткөн, тактап айтканда, токойду малдын талкалоосуна каршы тосмолорду беришкен. Андан сырткары, кичи май тартуучу жабдуулар менен камсыз кылып, жаңгак майын жана токой мөмө жемиштеринин кургатылган кургатылган түрүн экспорттоого шарт түзүп жатышат. Келечекте кеңири жана көп өлчөмдөгү жемиштерди кургатуучу жай курууга ниеттенип жатышат.

Долбоордун жетекчиси Эдит Кошкин бул уникалдуу кыргыз жаңгак токоюнун дүйнөдө жалгыз экендигин жана анын жылдан жылга жок болуп бара жаткан курамы ага тынчтык бербей, бул долбоорду ишке ашырууга түрткү берди дейт биз менен маектешкенде. Келечекте консервалоочу, май чыгаруучу жана токой мөмө-жемиштерин иштетүүчү чоң завод, фабрикаларды курууга ниетиңиздер барбы деген сурообузга, биздин азырынча андай чоң нерсеге дараметибиз жетпесе керек деп ойлойм, бирок ким билет, балким “Дүйнөлүк банк” сыяктуу ири банктар менен кызматташып калсак, келечекте ал нерселер да ишке ашып калаар деди.

GIZ программасынын аталган долбоорунун ишке ашып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү токой чарба кызматкерлеринен сурамжылап көрдүк

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облустук токой чарба жана айлана чөйрөнү коргоо агенттиги мамлекеттик Башкармалыгынын башчысы Эрмеков Бактыбек Жолумбековичти кепке тартканда ал Vesti.kg сайтына  токойдун чыныгы акыбалы жана GIZ программасынын көрсөткөн колдоолору тууралуу айтып берди.
- Токойдун бүгүнкү күндө кыйын абалга кептелип жаткандыгы турган сөз. Жалал-Абад облусунда негизинен 34 миң гектар жаңгак токою бар, ал жаңгак-мөмө токою деп аталат. Жаңгактын ата мекени десек туура болот бул жерди, ушул жерден чыгып, ушул жерде жайгашкан. Мен бул тармакта 20 жылдан бери иштеп келе жатам, катардагы кызматкерден (токойчудан) жетекчилик кызматка чейинки баскычтардан өттүм. Менин көз карашымда биздин токой карып, эскирди, ал эми жаңылоого мезгил келип жеткени капкачан. Бирок буга жылдан жылга өсүп жаткан малдын саны жана жергиликтүү тургундардын муктаждыктары тоскоол болуп жатат. Ошол себептен мен айтаар элем, GIZ программасынын колдоосу өз убагында болуп жатат. Албетте өкмөттүн токтомуна ылайык токойду жаңылап жана шартка ылайыкташуучу түрлөрүнө кыйыштыруу иштерин жүргүзүп жатабыз дегилечи. Анткени менен бул көйгөйдү комплекстүү чечүүгө гана болот, көйгөй бирөө эле эмес. Аталган долбоордун алкагында биздин токой чарбалыктардын дээрлик бардыгына токойду малдан коргоочу тосмолор берилип, айрым жерлерде күнөсканалар курулду. Калктын карапайым катмарын тартуу менен май чыгаруучу жабдууларды Германиядан алып келишип бир багытка коюга аракеттер көрүлүп жатат. Бир сөз менен айтканда бул долбоорду ишке ашыруучулардын иштери алгылыктуу.

Ошону менен бирге, Vesti.kg сайты ошол аймактын токой чарба кызматкерлеринин ойлорун, чындыгында аткарылып жаткан иштерин да сурап көрдү. Алардын айтымында, долбоорду ишке ашыруучулар өкмөт менен катар эле токой көйгөйүн чечүүдө көп көзгө көрүнөөрлүк иштерди аткарып жаткандыктарын айтышты.

Эске сала кетсек, бул жаңгак фестивалы төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Мунун алкагында ыр, күүлөрдөн сырткары иш чаранын жүрүшүндө көйгөйлөр да айтылып чечилүүсү салтка айланган.

Шамил Жалилов

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх