Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«БШК Аскарбек Шадиевди мандатынан шашылыш ажыратты»

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү депутаттын арызынын чын төгүнүн БШК иликтеп чыгышы керек эле, деп эсептейт

БШК Аскарбек Шадиевдин жазган арызын текшерүүгө  милдеттүү эмес деп калп айтып жатышат, деген пикирин саясий илимдеринин доктору, БШК мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз Vesti.kg билдирди.

- Мурда Борбордук шайлоо комиссиясы ушундай арыздардын чын төгүнүн текшерип келген. Эгер БШК  муну милдеттүү эмес деп эсептеп келген болсо, анда ар бир эле адам комиссияга ар кандай нерселерди жазып келе беришет да,- деп түшундурдү ал.

Канатбек Азиз мындан тышкары мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын жыйыштырган учурда  же нотариус менен бекемделген жеке жак аркылуу же ошол адам өзү алып келип тапшырыш керек деп кошумчалайт.

- Мындай окуя Мелис Мырзахматов менен болгонун эске салат ал. - Анда БШК докмуенттин жалган же жалган эместигин текшерип гана койбостон аны өзү жаздыбы деп  экспертизага да беришкен. Шайлоо укугун коргоо жаатында көзөмөл шайлоо мыйзамдуулугу ушундай түрдөгү тешкерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берет. Шадиевдин депутат катары ыйгарым укуктарынын токтотууда БШК шашылыш чечимди кабыл алды.  Ансыз деле ал ушунча көп убакыт жумуш ордунда болгон жок, ошол үчун деле анын мандатынан ажыратса болмок.

Белгилей кетсек, БШКнын төрагасынын орун басары , Абдыжапар Бекматов  буга чейин иликтөө органы болбогондон кийин  анын арызынын тууралыгын текшерүүгө БШК милдеттүү эмес экенин билдирген.  Аскарбек Шадиевдин депутаттык мандатынын айланасында талаш- тартыш маселе жаралган. Ал маселе бул арызды Шадиев өзу жазган- жазбаганы боюнча чыккан.

А бирок ал арызын жазды дегенден кийин башка документ келип, аны жасалма экени айтылган. БШКга экинчи кат келгенге чейин алар Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын “Бир Бол” фракциясынын чечими менен токтоткон эле. 

Аскарбек Шадиевге  кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланды, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өттү жана кылмыштуу жол менен кирешелерди легалдаштырган деген айып тагылууда.  Бүгүнкү күнгө чейин Шадиевдин кайда экендиги белгисиз. Ал эл аралык издөөдө.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх