Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгисиз бирөөлөр СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин машинасын өрттөп кетишти (сүрөт)

Эми атактуу кинорежиссёр балдарын мектепке тролейбус менен алып барып жатат

СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин машинасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишти. Бул туурасында Vesti.kg сайтына коомдук ишмер Бакыт Бакетаев билдирди.

- Өкуя өткөн жумада болуп өттү, - дейт ал. - Кара ниеттер дөңгөлөктөрдү чыгарып, салондон баалуу буюмдарды алып чыгышып, анан машинаны өрттөп салышкан. Күйгөн машинаны Молдавановка айылынын жанынан табышкан. Кеп бул кылмыш иштин болгонунда деле эме, кеп улуу эл артисинин эски 1989-жылы чыккан машина менен жүргөндүгүндө болуп жатат. Эл артисинин эски машинада жүргөнү кантип болсун?

Бакыт Кушбекович Болот Шамшиевдин кичинекей балдары бар экендигин эскерди. Эми ал балдарын мектепке тролейбус менен алып барат.

- Биз анын фильмдери менен чоңойдук, - дейт Бакетаев. - Балким ага мамлекет жардам берээр? Жакында эле Улуттук банкта көп акчаны кечип жиберишиптир. А эмнеге эл артистине акча бөлсө болбосун? Мындай ишмер кишилер Кыргызстанда аз эле калды. Бул кишилерди тирүүсүндө сыйлап калуу керек, өлгөндөн кийин кадырлап калбай. Кылмышкерди го табышса керек, бирок бул маселенин моралдык жагына да көңүл буруу абзел.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх