Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда соттор декларацияга өздөрүнүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн көрсөтүшкөн эмес

Башпрокуратура сот кызматкерлерин жоопко тартуу тууралуу сунуш киргизди

Башпрокуратура Мамлекеттик салык инспекциясынан «Мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдардын киреше менен чыгашаларын жана мүлктөрүн декларацияда көрсөтүү тууралуу » мыйзамынын бузулуу фактысы, тактап айтканда Бирдиктүү салык декларациясына туура эмес маалымат бергендиги боюнча келип түшкөн материалдарды окуп чыкты.

Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлктү каттоо Департаментинин бирдиктүү маалыматтык системанын билдиришине караганда,   Бирдиктүү салык декларациясын толтурууда көрсөтүлгөн эмес.

Башпрокуратура жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын нормаларына ылайык, декларант толтуруу учурунда толук эмес же туура эмес маалымат берсе жоопкерчилиги каралат. Андан сырткары, «Кыргыз Республикасынын соттун макамы тууралуу» Конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык соттук Кеңештин алдындагы тартип комиссиясына сунуштоо киргизилген. Анда соттун тартиптик жоопкерчилигин жана административдик жоопкерчиликке тартылуусу, ыйгарым укугунун токтотулушу каралат.

Башпрокуратуранын маалымат кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх