Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Википедиядагы Киргизия дегенди Кыргызстан деп өзгөртүү тууралуу депутаттын идеясын түшүнбөй коюшту

Эксперттер Google дагы биздин өлкөнүн аталышынын өзгөрүшү туристтердин агымын көбөйтпөйт деп эсептешет

Жалпыга жеткиликтүү интернетте Кыргызстанды «Киригизия» деп атагандан өткөн кордук жок. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына туризм жаатынын эксперти Владимир Комиссаров билдирди.

- Киргизия деп биздин өлкөнү Орусияда гана аташат, - деп белгиледи ал. - Бул кээ бир депутаттардын намысына тийип жатат окшойт. Бул советтик мезгилден бери келе жаткан нерсе, Кыргыз ССРи түзүлгөндө эле ошентип аташчу. Бул туристтердин агымына таасирин тийгизбейт. Кардарларды башка бир нерсе менен тартуу керек. Бизге калыс интернет каражаты керек, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн ачуу керек. Аны биздин өлкөнүн байлыгын сатуу үчүн эмес, көрсөтүү үчүн гана иштеп чыгуу керек. Бизде туристтик полиция деген ушу күнгө чейин жок. Мен азырынча аны көрө элекмин.

Көз карандысыз эксперт, саясат таануучу Денис Бердаков өз кезегинде Vesti.kg сайтына биздин өлкөнүн атын өзгөртүү эч нерсени чечпейт деп билдирди.  

- Мен интернеттеги өлкөнүн аталышынын өзгөрүшү бир нерсе берет же жоготот деп ойлобойм, - дейт ал. - Бирок Кыргызстан болуп жазылса туура болмок. Ал эми туристтик полиция тууралуу айта турган болсок, бизде кадимки эле милиция иштебей жатса, анан эмнени айтабыз дагы. Алар туристтерге жолтоо болот, тонойт. Алар эч кандай жоопкерчиликти сезбейт. Мурунку иштебей жатса, дагы бир нерсе ачкандын эме зарылчылыгы бар.

КР туризм Департаментинин директорунун мурдагы орун басары Михаил Ким Vesti.kg сайтына «стан» деген мүчө бизди Афганистанга окшоштуруп жатат деп билдирди.  - Бир убакта ошондой мезгил болгон, иши кылып эле аягы стан болбосун деген, - дейт ал. Афганистанга окшошуп калаары тууралуу көп сөздөр болгон. Менин оюмча, Кыргызстан дегенден көрө узун болсо дагы Кыргыз Республикасы деген туура болчудай. 2018-жылы ушундай сунуштар түшүп жаткан болсо демек дүйнөлүк масштабда өзгөрүү болгон. Мамлекеттин аталышы албетте туристтердин келишине түздөн түз таасирин тийгизе турган нерсе. Бирок ошол аталыштын артында кандай мүмкүнчүлүгү бар өлкө экендигин да билиши керек.

Эгерде бул тууралуу элдердин кабары жок болсо, анда өлкөнүн атын канча өзгөртсөң да туристтер келбейт.

Михаил Ким биздин республикада туристтердин агымын көбөйтө турган фестивалдарды өткөрүү зарылчылыгын белгилеп кетти.

- Туристтик продуктыны иштеп чыгуу керек, - дейт ал. - Бизде туризм Департаменти бар. Чындыгында бул алардын милдети. Алар бул сунушту киргизиши керек эле. Иш чараларды өткөрөөрдөн мурун менимче, анализ кылуу керек. Бизде мисалга, алма, Баткен өрүгү, Арстанбап жаңгагы сыяктуу фестивалдар өтөт. Буларды тажабай бир нече жыл бою өткөрүү керек, анткени туристтер ал жерге көрсөтмөлөр үчүн тартылышат. Туристтердин келиши үчүн ярмарка кылуу керек.

Түшүндүрө кетели, кечээ ЖК бюджет жана каржы боюнча комитетинин отурумунда депутат Марлен Маматалиев  Википедия жана Google Map тагы Киргизия деген аталышты Кыргызстан деп өзгөртүүнү сунуш кылды. Google га киргениңде эле Киргизия деген эски аталыш көзгө урунат. Маматалиевдин ою боюнча, Мамлекеттик байланыш агентствосу муну оңдоого күчү жетет. Ошону менен бирге эл өкүлү туристтер үчүн заманбап кызматтардын пакетин иштеп чыгууну жана туристтик полицияны сунуш кылды.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх