Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда сарымсак үч эсеге арзандап кетти. Мурунку айыл чарба министри анын себебин айтты

Кээ бир маалыматтарга ынансак, баанын түшүп кеткендигине байланыштуу дыйкандар түшүмдү жыйнабай коюшкан

Кыргызстанда сарымсактын баасы түшүп кетти. Бүгүнкү күндө бир килограммы 30дан 60 сомго чейин, былтыр алармандар ушул эле сарымсакты 100-250 сомдон алышчу.

Баанын күтүүсүз түшүп кетиши тууралуу Twitter соцтармагында  журналист Азамат Тынаев билдирди.

«Ысык-Көлдө элдер алтурсун казбай да коюшуптур, анткени аны 10 сомдон сата алышат. Ошо кантип болсун?», - деп жазат ал.

Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Ош базарында отурган сатуучулар тастыктап беришти.

- Жакшы сарымсакты 50-60 сомдон сатабыз, былтыр эле килограммын 100 сомдон сатканбыз, - дешет соодагерлер.

Кыргызстандын мурунку айыл чарба жана суу министри Төрөгул Беков баанын түшүшүнө тышкы саясат жана дыйкандардын өздөрүнүн сабатсыздыгы себеп дейт.

- Биринчиден, буга себеп тең салмагы жок тышкы саясатыбыз, - дейт ал. - Канткен күндө да биз өз базарыбызды сактап калышыбыз керек эле. Бажы уюмунун алкагында биз эмнени импорттошту көзөмөлгө ала алабыз да. Коңшу өлкөлөрдө сарымсак салыштырмалуу арзан экендигин да моюнга алыш керек. Эгерде биз тоскоолдук жарата турган чара көрө албасак, анда алып кирип жаткандарды катаал текшере турган фитосанитардык көзөмөлдү орнотушубуз керек. Анткени биздин товар да атаандаштыкка туруштук бериши керек да.

Мурдагы айыл чарбы министринин сөзүнө караганда, дыйкандар менен эгин эгээр алдында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек.

- Экинчи себеби болсо - бул маркетинг, - деп улантат Төрөгул Ниязович. - Эгерде өткөн жылы кымбат болгон болсо, демек быйыл баары эге башташат. Ушул өңүттө дыйкандарга тийешелүү сунуштарды берүү керек.

Андан сырткары, эң неизги көйгөй - бул дыйкандарды көп жоготууларга учураткан жашылча-жемиш сактоочу жайдын жоктугу дейт Төрөгул Беков.

- Бүгүнкү күндө жашылча сактай турган жай куруу зарыл, - деп белгилейт ал. - Мен Түркияда болдум. Аларда кандайдыр бир продукт арзан болуп калса, жазга чейин сактап, анан сатышат. Ал эми жазга чейин эле баа көтөрүлүп калса деле дароо алып чыгып сатып жиберишет. Бизге ушундай система керек. Биз дыйкандарга түшүмүн сактоого жардам кылышыбыз керек.

Сөзүнүн аягында адис айыл чарба Министрлиги тезинен сата турган базар табуусу керектигин кошумчалады.

- Ошол эле Өзбекстангабы же Тажикстангабы, айтор сатуу керек, - деп сөзүн жыйынтыктады Беков.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх