Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиева Улуттук банктын башчысына каршы уюшулган кутум тууралуу сөздү четке какты

 Депутат кесиптештеринин арасында Толкунбек Абдыгуловду кызматтан алуу тууралуу маселе талкууланбагандыгын ырастады

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өзүнө улуттук масштабдагы жетекчилик жана мамлекеттик кызматкер-менеджерлерди тандап алышы керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

- менин айткан сөздөрүмдүн баары - орундуу сындар, - деп билдирди эл өкүлү. - Кечээ болсо «биздин абдан акылдуу Улуттук банктын башчысы» эч кандай мыйзам бузган жокмун деп билдирди. Тилекке каршы, акыркы мезгилде биздин мамлекеттик түзүлүштүн жетекчилери «мен мыйзам бузган жокмун» дегенди адат кылып алышты. Моралдык-этикалык жагынан алып караганда баары бир чоң мааниси бар да. Анын үстүнө, кеп чоң башкаруучу тууралуу болуп жатса, мурдагы вице-премьерөминистр. Ал деген айланасына сапаттуу жетекчилерди топтошу керек болчу.

 Эл өкүлү мугалимдердин кичинекей айлыгына 8% менен кредит берилгенине айран таң калат.

- Мугалимдер, дарыгерлер Мамлекеттик турак жай компаниясынан 8% менен кредит алышат, - деп белгиледи ал. Кечээ Абдыгулов МКК жеңилдетилген шартта - бир пайыздан, беш пайызга чейин кредит берди деп айтты. Биз түшүнөбүз, ал кесипкөй катары ошончо айлык алса болот. Бирок элдин көз карашы менен бул таптакыр адилетсиз көрүнүш. Менин кечээги айткан сөздөрүм ушуга байланыштуу. Мен анын Улуттук банктын жетекчиси катары кесипкөй ишмердүүлүгүн талкуулаган жокмун. Ошончо айлык алып атып, ушул жеңилдетилген ссуданы алганга моралдыкукугу бар беле? Эмне үчүн орточо эсеп менен 8 - 13 миң айлык алган мугалимдерге 8% менен кредит берилет? Кичине бир мындай аттап өтпөй турган моралдык чек болуш керек да. Мекемелердин башчыларынын, депутаттардын жашоосу аквариумдагыдай эле, - бизди элдин баары карап турат. Ошондуктан биз аларга үлгү болушубуз керек.

 Ошону менен бирге Эльвира Жыргалбековна коомчулукка таркап кеткен, Толкунбек Абдыгуловго каршы атайын кутум уюштуруп, кызматынан алдырганы жатат деген сөзгө комментарий бере кетти. Ошондой дешсе, демек, кимдир бирөө анын ордун көздөп жатыптыр да. Сурабалдиева кесиптештеринин арасында Абдыгуловду кызматтан алуу тууралуу сөз болбогондугун айтты.

- Менин кесиптештеримдин арасында Улуттук банктын башчысын кызматтан алабыз деген маселе көтөрүлгөн жок, - деп ырастады депутат. - Кечээ Абдыгулов Башпрокуратура ссуда боюнча иликтөөнү баштагандыгын айтты. Менин билишимче 32 миллион сомду кечип жиберишкен. Бир эле эмес, бир канча кызматкердикин кечишкен.

 Түшүндүрө кетели, кечээ Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Элвира Сурабалдиева мамлекеттик каражаттардын чыгымдары тууралу айтып келип, бул маселе боюнча Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун эсеп берүүсүн өтүндү.Буга Абдыгулов Улуттук банктын буга кандай тийешеси бар, ал мамлекеттик бюджеттен

каржыланбайт го деп суроо салды. Өз кезегинде, эл өкүлү аны экият болуңуз сөз сүйлөп жатканда, турак жай кредитин кечүү тууралуу акыркы жаңылыктарды көңүлгө алып коюңуз деп жооп берди. Сурабалдиеванын сөзү боюнча, Улуттук банктын башчысына 5% менен эмес2% менен ссуда беришкен. Ага жооп кылып Толкунбек Абдыгулов 5% менен алганмын деди.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх