Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иса Өмүкуловду фракция лидерлигинен алуу маселеси талкууланбайт

Кандай болгон күндө да бул жума ичинде парламенттик «социал-демократтардын» күн тартибинде андай пункт жок

КСДП парламенттик фракциясы бул жумада Иса Өмүркуловдун лидерлик ыйгарым укугун алуу маселесин талкуулабайт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына «социал-демократтар» фракциясынын депутаты Искендер Матраимов бидирди.

- Фракциянын жыйыны болот, - деди ал. - Бирок анда Иса Өмүркулов тууралуу маселе күн тартибинде жок.  

Эске сала кетели, Vesti.kg сайтына мындан мурдараак КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алган. Андан сырткары, парламенттик «социал-демократтарга» Иса Өмүркуловду лидерликтен чакыртып алуу сунушталган.

Өмүркуловдун партиядан чыгарылышына себеп анын «Партиянын Уставына жана тапшырмаларына каршы келген иштери» негиз болду.

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх