Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Бизди баары сөгүп атышат! Бишкектиктер өмүрүнүн үч саатын тыгында өткөрүп жатышат

Дастан Бекешев өкмөткө бул маселени чечүү сунушун киргизди, жолго тоңгон муз жана аны тазалоо маселесин мэр өзү чече албайт

Кардын түшүшү менен айда болгон жол тыгыны бишкектиктердин күнүнө үч сааттык убактысын алып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын сөзү боюнча, шаар бийлиги бул көйгөйдү чечүүгө күчү жетпейт. өкмөт кийлигишүүсү зарыл.

- Бизди азыр шаардыктар, айдоочулар, баары сөгүп атышат, - дейт эл өкүлү. - Менин оюмча, бул маселени көтөрүп, чечүүнүн жолун табышыбыз керек. Мэр жалгыз өзү кыла албайт. Өкмөт кийлигишиш керек.

Депутат элдер алтындай убактыларын тыгында өткөргөндөрү туура эмес деп кошумчалады.

- Жашоого бир келебиз, азыр жумушка барып кайра келгенге үч саат убактыбыз кетип жатат, - деп аяктады ал.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх