Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште Темир Сариевди ЕАЭБге киргендиги үчүн сындап жатышат

Депутат Алтынбек Сулайманов Кыргызстан эмнеден ката кетиргендигин түшүндүрдү

Кыргызстан Бажы уюмуна шашып кирип кетти, буга экс-премьер-министр Темир Сариев күнөөлүү. Жогорку Кеңештин жыйынында ушундай деген билдирүүсү менен Алтынбек Сулайманов сөз сүйлөдү.

Эл өкүлүнүн сөзү боюнча, ал мурда бул билдирүүнү уктурган, бирок мурунку өкмөт башчы анын сөзүн калп деген. Ушуга байланыштуу Сулайманов доклад даярдады.

- Темир Аргембаевичтин сөзү боюнча, аябай көп ийгиликтер болуптур, - дейт депутат. - Мен ал сөзүнө жооп берип коёюн. Анын маалыматы боюнча, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна өнүктүрүү үчүн 500 миллион доллар түшүптүр. Бул чындык. Бирок ушул күнгө чейин ал акчалар иштетиле элек. Акча бир гана байларга берилет, анткени барымтанын суммасы аябай чоң. Кредит алуу жөнөкөй банктыкына караганда татаалыраак. Орто жана кичи бизнестин өкүлдөрү ал жардамдан куру жалак калышты.

Андан сырткары, Сулаймановдун маалыматы боюнча, Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында берилген 200 миллион доллар россиялык грант да иштетилген жок

- Бул акчалардын баш, аягы жок, лабораториялар алиге чейин курулган жок, өткөрмө пункттар даяр эмес, - деп нааразы болот эл өкүлү.

Ал ошону менен бирге Кыргызстанга келип жаткан автомобилдердин саны кыскаргандыгын да кошумчалады.

- Көрсө, Темир Сариев ушинтип экологияны тазалап жатыптыр, бирок эски машиналарды мурункудай эле ташып жатышпайбы, - дейт Сулайманов. - Мен аны күчтүү экономист жана каржы адиси катары сыйлачумун. Азыр болсо көз карашым өзгөрдү. Менин оюмча биз Бажы уюмуна өлкөнүн кызыкчылыгын ойлобой шашып кирип алдык. Элдин баары президенттик шайлоо менен алек болчу. Ошондуктан өкмөт мүчөлөрү Сариев кетирген каталарды оңдоосу зарыл.

Сөзүнүн аягында депутат ЕАЭБге кирген учурдагы өлкө жетекчилигинин иш аракетин Башпрокуратура изилдеп чыгышы керек деп кошумчалады.

Белгигей кетели, кечээ Темир Сариев тармактан видео жарыя кылды, анда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун сөзүн четке какты. Ал Кыргызстан ЕАЭБге киргендеги жакшы учурларды айтып кетти.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх