Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

МКК: Кубанычбек Кулматовго каршы кайрадан доо арыз жазышат

 Мекемедегилер арызды жаңы фактылар менен толуктаганы жатышат

Мамлекеттик каттоо комиссиясы мурдагы Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго карата өзүнүн доо арызын толуктаганы жатат. Андан соң мекеме кайрадан сотко берет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР МКК алдындагы жарандык абалдынактыларын жана калкты каттоо Департаментинин адиси Тынчтык Жакеев билдирди.

- Алдын ала уктуруулардын жүрүшүндө биздин доо арыздын толуктай турган жерлери пай да болуп калды, - дейт ал. - Коргоочу тараптан кээ бир суроолор болду, биз ошолорду толуктап бүтүп, анан кайрадан сотко беребиз.

Мурда Бишкектин экс-мэринин жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге МКК менин коргогон адамыма болгон доо арызын кайра алды деп билдирген болчу.

Биринчи май райондук сотунун отурумунун башталаар алдында сот Алмаз Калыбаев калкты каттоо Департаментинин директору доо арызды карабай, материалдарды кайра артка Мамкатоого кайтарууну өтүнгөндүгүн билдирди. Слесарев мындай өтүнүчкө себеп тийешелүү документтердин жоктугу болушу мүмкүн деп боолголойт. Анын айтымында, айыптоо орусиялык документтерге таянган, бирок мекемеде алардын көчүрмөлөрү гана болгон, аны тергөөчүлөр күбөлөндүрүп коюшкан. «Тергөөчү жарандык сот үчүн документти күбөлөндүрө турган киши эмес», - деп түшүндүрөт жактоочу.  

МКК өкүлдөрү болгон эмес. Жыйынтыгында сот доогердин өтүнүчүн канааттандырды.

2018-жылдын аяк оона айында МКК алдындагы жарандык абалдын актыларын жана калкты каттоо Департаменти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган. Арызда Кубанычбек Кулматовдун атына берилген паспортту жараксыз деп билүү жазылган.

Эске салсак, Vesti.kg сайтына Сергей Слесаревдун менин коргогон адамымды бир да жолу тергеген эмес беришкен болчу.

- Ал иш боюнча күбө катары баарын айтып болду,- деди юрист. - Эмне кереги бар кайра, кайра эле кайталай берүүнүн? Эч кандай иликтөө иш чараларын жасабай эле  тергөө абагында кармап турушат. Эмнеге экенин тапкыла?

Кубанычбек Кулматовду 346-берене боюнча «Мамлекеттик чегараны мыйзамсыз кесип өткөн» жана 350 берене «Докуменеттерди жасалма даярдоо, колдонуу жана сатуу, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөр, бланктарды жасоо» жана ошондой эле Бишкек ЖЭБин модернизациялоого дайындалган 2 миллион гранттык каражатты максатсыз жумшагандыгы үчүн КР КК «Коррупция» беренеси 303 1б.  менен айыпталууда.

Ольга Федорчук

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх