Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР КК Башкы штабында документтерди жасалма кылышкан жана ар кайсы органдардын жалган мөөрлөрүн колдонушкан

 Ушундай эле жол менен бюджеттик каражаттарды жана коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин кызматтарын алышкан. Кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура УКМКнын ККК менен бирдикте КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына жана коргону иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин ишмердүүлүгүн текшерүү жүргүздү. Жыйынтыгында, КР КК 171-беренеси боюнча (Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же коротуп жиберүү), 304 (Кызмат абалынан ашыра пайдалануу), 315 (жаслма кызмат) жана 350 (жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөр, бланктарды жасалма кылып жасоо, колдонуу) беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.

Ошентип, Башпрокуратура УКМКнын ККК менен бирдикте текшерүү жүргүзгөндө кургактагы аскерлердин Башкы штабынан жана коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитеттен бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында коргонуу иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин кызматтагы айрым адамдары жасалма документтерди жасашкан, мыйзамсыз жол менен акча алуу үчүн ар кайсы органдардын жасалма мөөрлөрүн колдонушкан. Алар алган акчалар аскер кызматкерлерине төлөнүүгө багытталган акчалар болгон.  Жогоруда айтылгандай иштерди Башкы штабдын кызмат адамдары бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз жол менен менчиктөө жолу менен ишке ашырган, алар транспорт, сапарга чыгуу чыгымдары жана аскер кызматкерлеринин башка чыгымдары түрүндө болгон.

Кылмыш ишинин материалдары тийешелүү органдарга андан ары иликтөө үчүн жөнөтүлдү.

Башпрокуратуранын маалымат кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх