Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев бизнес менен алектенеби деген суроого КСДП жооп берген жок

 «Анын убагында ак эмгек менен таап койгон байлыгы бар»

Алмазбек Атамбаев маңдай тери менен тапкан акчага жашап жатат. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтынын экс-президенттин киреше булактары кайдан жана ал бизнес менен алектенеби деген суроосуна ушундай жооп берди.

- Алмазбек Атамбаев азырынча пенсия албайт, -дейт ал. - Бирок экс-президент пенсиялык куракка жете элек, мыйзамда көрсөтүлгөндөй  КР президентинин айлыгынын 75% ай сайын жашаганга алып турганга акылуу. Алмазбек Шаршенович эч качан өзүнүн бай адам экендигин жашырган эмес. Анын убагында ак эмгек менен таап койгон байлыгы бар.

Эске сала кетсек, мурда Vesti.kg сайты мамлекеттик салык кызматынын тизмелөөчү декларациясынын жарыясы боюнча Алмазбек Атамбаевдин менчик жер участогу бар жана курулуп бүтө элек үйү катталган. Анын кирешеси былтыркы жылы 100 миллион 181 миң 68,94 сомду түзгөн.

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх