Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев өзүнүн орун басары менен мушташканы тууралуу маалыматты четке какты

Министр Сүйүн Өмүрзаков менен жана башка орун басарлары менен уставдык гана мамиледе экендигин кайталап айтты

 Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ЖМКга таркап кеткен сөз таптакыр четке какты. Маалыматта мекеме анын орун басары Сүйүн Өмүрзаков менен карама каршы туруунун натыйжасында экиге бөлүнүп калгандыгы айтылат.

Милициянын генерал-майору Жунушалиев жаңжал тууралуу сөздөрдү ушак деп атады.

- Мен бул нерсе тууралуу маалымат жыйынын да өткөрдүм, - деп эскертет ИИМ башчысы. - Мунун баары ушак. Мен министрмин, алар менин орун басарларым. Бизде уставдык гана мамилелер бар. Эч кандай уруш талаш жок.  

Ал ортодо Vesti.kg сайты өздүк булактардан жамааттык жыйындардын биринде министр өзүнүн орун басары Сүйүн Өмүрзаков менен кол алдындагылардын көзүнчө мушташып кете жаздагандыгы тууралуу маалымат алды. Кашкар Астаканович бул маалыматты төгүндөп, эч кандай жаңжал болгон жок деп кайталады.

 Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх