Бишкектик айдоочулардын деңгээли «пик саатында» бир багыттуу кыймылды орнотууга жол бербейби?
Эксперт элдин жол эрежесин сактабагандыгынан депутаттын бул ою ишке ашпай калат дейт
Депутат Дастан Бекешев (КСДП) тыгындын алдын алуу үчүн Бишкекте пик саатынын убагында көчөлөрдө бир багыттуу кыймыл орнотууну сунуш кылды. Ал өзүнүн бул оюн Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
«Ар күн сайын кичирайондордо жашаган элдер ары жакка жана бери жакка болуп, баш аягы үч саат жол жүрүшөт, - дейт эл өкүлү. - Эмне үчүн биз үч саат бою маршруттук таксиде же машинада отурушубуз керек?»
Бекешев жумушчу топ түзүп, бул маселени чечүүгө чакырды. Ал бул маселени мурун да көтөргөндүгүн белгилеп өттү. Бирок жол кызматы көңүл бурган эмес.
ЖККУМБ начальнигинин орун басары Нур Сатыбалдиев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде депутаттын сөзүндө жан бар экендигин айтат. Бирок бир жактуу сүйлөгөндөн мурда көп нерсени эске алуу керек.
- Албетте, биринчи кезекте комиссия түзүү керек жана ал жакка адистерди, бул маселеде тажрыйбасы бардарды аларга кошуу керек, - деп макул болот ал. - Мындай жаңылыктардын арты кандай болоорун эсептеп бере турган алгоритмдер бар. Мисалы, кайсы көчө тууралуу сөз болуп жатат, кеңдиги кандай? Жанында административдик имарат, стратегиялык обьект, мектеп, бала бакча, базар жана күркөлөр, май куйучу станция жокпу? Машиналардын агымы канчалык?
Унаа маселеси боюнча талдоочу Марат Мүсүралиев бир тараптуу кыймыл тыгындын алдын алуу үчүн көп мамлекеттерде колдонулуп келген ыкма деп баса белгилейт. Бирок ал көчөдөгү тартип ага жол бербейт дейт. Кыргызстанда бул чечим пайдалуу болбой калышы мүмкүн.
- Сиз элестете аласызбы күндүн белгилүү бир убагында көчөдөн бир тарапка көздөп, экинчи мезгилинде башка тарапка көздөп айдап баратышкандарын? Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ал ушундай деген суроо узатты.
- Мен элестете албайм. Мейли, 20 % айдоочулар ушул талапты аткарышы мүмкүн. Ал эми кырдаалдан чындап чыгуунун жолу - бул жер алдынан өткөөл жасоо, жана адамдар өтчү бийик көпүрө куруу болуп саналат деп эсептейт Мүсүралиев.
- Бишкекте 500 миң машина бар, ал эми эки гана көпүрө курушкан. Эмне үчүн? - деп суроо салат ал. - Алматыда 21 эки кабат ажыраткыч көпүрө бар жана бир үч кабаттуу ажыраткыч бар. Ташкентте болсо андан да көп. Биз болсо кытай грантын жолдун тешигин жамап жок кылдык. Ошондой болуп жатса да эч ким шаарга ажыраткыч курууну ойлоп да койгон жок. Долбоор деген толтура дейт эксперт. Бирок аны ишке ашыруу үчүн өкмөттө каражат жок. Мисалы бир эле көчөнүн кесилишиндеги үйлөрдү бузуп, ажыраткыч жасоо үчүн аларга жаңы үй куруп бериши керек.
- Башка да ыкмалар бар, - деп белгилейт ал. - Грецияда шаарга айдын так сандары күнү машиналардын мамлекеттик номерлеринин акыркы сандары так болгондорду киргизет. Жуп болгондорду жуп күнү киргизишет. Токио менен Пекинде машинага парковка сатып албай туруп машина ала албайсың, ал эми анын баасы машинаныкынан ашып түшөт. Кээ бир өлкөлөрдө көп кабаттуу үй курганга уруксатты эгерде анын алдында парковкага жер бар болсо гана беришет. Ооба, чынында кээ бир жерлерде газ менен жүрүүчү машинасы барларга жер алдындагы парковкага тыюу салынат, анткени жарылып кетсе үйдү талкалап кетет, деп түшүндүрөт Мүсүралиев.
Алматыда тыгынды жок кылышты, анткени көлөмү чоң автобустар жана маршруттук бустар шаарга кирбейт. Ал жерде коомдук транспорт үчүн оң жактагы тилке бөлүнгөн, бизде болсо ал тилкеде машиналар токтоп турат. Башка машиналарга ал тилкеде жүргөнгө тыюу салынган.
- Бишкекте машиналардын саны жыл санап өсүп жатат, ал эми жол ажыраткычтар, жол үстүнөн өтүүчү көпүрөлөр жана башка жол инфрасруктурасынын элементтери жок. Албетте анан тыгын болот да, - дейт эксперт. - Мунун акыбетин биз тыгындан көрүп жатабыз жана көрө бермекчибиз.
Ольга Федорчук
Сүрөт www