Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Общеобразовательная выставка

КСДП Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктабайт

Мамлекет башчы бүгүн 60 жылдыгын майрамдайт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков маараке өткөрөт. Бүгүн ал алтымышка чыкты.

Ал мамлекет башчылык кызматты 2017-жылдын 24-ноябрынан бери аркалап келет. Шайлоодо аны ошондогу президент, азыркы КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев колдогон.

Бирок КСДП бул майрамды өткөрүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Партиянын куттуктоосун белгилей кетүү керек, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден тартып партиядан чыккан, - деп түшүндүрдү ал. - Ошондуктан партиянын атынан куттуктоо болбойт. Ал эми экс-президент менен азыркынын ортосундагы жеке мамиле тууралуу комментарий бере албайбыз.

Андан сырткары, Жолдубаева партиянын экс-президентти да куттуктабагандыгын кошумчалады.

- КСДП Алмазбек Шаршеновичти да  60 жылдыгы менен куттуктаган эмес. Ал ошол маалда президент болчу, - деп баса белгиледи ал.

Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош областынын Кара-Кулжа районунда туулган.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх