Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карамушкина Өмүркулов менен айтыша кетип, КСДП фракциясынын жыйынынан кетип калды

 Эл өкүлү парламенттик «социал-демократтардын» лидери кызматынан кетүүгө тийиш деп билдирди. Кесиптештери аны колдогон жок

КСДП фракциясынын депутаттары  Ирина Карамушкинанын саясий кеңештин Иса Өмүркуловдун өздөрүнүн катарынан чыгаруу тууралуу чечимин кароо сунушун колдошкон жок

КСДПнын бүгүнкү жыйынында Иса Өмүркулов маселе партиядан тийешелүү документтер келмейинче каралбайт деп билдирди.

- Мен саясий кеңештин чогулушунда кимдер катышкандыгы тууралуу маалыматтарды сурадым. Качан толук маалымат келгенде бул маселеге кайрылабыз, - деди Иса Шейшенкулович.

Карамушкинаны мындай жооп канааттандырган жок. Ал Иса Өмүркулов өз кызматында мыйзамсыз отургандыгын билдирди.

- Партиянын жыйынына өзүңүз келип көрсөңүз болмок кимдер катышкандыгын, - деп улантты Ирина Юрьевна. - Азыр сиз өткөрүп жаткан жыйын мыйзамсыз, анткени сиз бошогонсуз.

Добуш берүүдө кесиптештери колдобой койгондон кийин, Ирина Карамушкина макул болбогондугун билгизип фракциянын жыйынан чыгып кетти.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх