Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-муфтий сойку деп атаган кыргызстандык аял сотко берүүгө ниеттенип жатат

 Ал аял Чубак Жалилов чуулгандуу билдирүүлөрдү пиар үчүн гана кылат дейт

Азыркы учурда АКШда жашап жаткан кыргызстандык блогер Динара Самет Кыргыз Республикасынын экс-муфтийи Чубак ажы Жалиловду анын дарегине карата айткан сөзү үчүн сотко берүүгө ниеттенип жатат.

Кечээ диний ишмер аны экстремист деп таанууга сунуш кылган аялды мурда сойку болуп иштеген экен деп билдирди.

Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Динара Самет Чубак ажы Жалиловдун сөзүн төгүндөдү.

- Чубак Жалилов - өзүнүн радикалдуулугун жана адепсиздигин бир нече жолу тастыктаган адам, - деп белгиледи ал.  - Ал таптакыр айныган жана психологиялык жактан оорулуу адам, аны тез арада психиатриялык текшерүүдөн өткөрүү керек. Андан сырткары коомдон алыстатуу керек. Мен анын өз балдарын жана аялын чычкан дары менен өлтүрүүгө кылган аракетин эсиңиздерге сала кетейин. Анын үй бүлөсү андан качып «Сезим» кризистик борборунда жашынып жүрүшкөн.

Кыргызстандык аялдын оюнча, экс-муфтийдин мындай курч билдирүүсү пиар үчүн гана жасалган.

- Экстремисттикке даярдалган радикал исламисттер үчүн бардык эле светтик аялдар жылаңач сойку, ал эми светтик эркектер - булар гейлер, - деп улантат Динара Самет. - Чубак адаттан тышкаркы адам. Ал өзүн көрсөтүш үчүн сабатсыз айылдык аудиториянын угуучуларын топтоп алып ар түрдүү спектаклдерди ойлоп таап, коёт. Ал эми жеңил желпи кыргыз сайттары болсо чуулгандуу окуянын артынан кууп, ар кандай провакациялык  ыплас жолдорго барып жатышат. Бул үчүн жарандык тартип боюнча сотто жооп берүүгө туура келет.

Эске салсак, мурда Динара Самет фейсбукта экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нарматовдун сүйлөгөн сөздөрүн экспертизидан өткөрүп жана аларды Орусия менен АКШынын аймагына кирүүгө тыюу салуу керек деген сунушту айткан.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх