Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар Жээнбековдун шайлоого кетирген чыгымы тууралуу документтин анык экендигине ишенишпейт

 Жогорку Кеңештегилер бул "бухгалтерияга"  катышы бар адамдар анча деле көп эмес экендигин белгилешет

Жогорку Кеңештин дептуттары мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы компаниясы тууралуу маалыматтарына ишенишпейт.  алар Vesti.kg сайты менен болгон маектеринде юристтин алып келген документтеринин булактарында күмөн бар дешти.

Белгилей кетели, Токтакунов социалдык тармактагы өздүк баракчасына азыркы президенттин шайлоо компаниясынада канча акча каражатын кортоткондугу тууралуу маалыматты жарыя кылган. Анын маалыматы боюнча 24 миллион доллар кеткен, ал эми расмий жарыя кылган 158 млн. 96 миң 175 сомдон бир канча эсе көптүк кылат.

«Анын үстүнө «С.Ш чз И.С» дегенди Сооронбай Шарипович  Икрамжан Саттарович аркылуу деп чечмелөө кыйындыкка турбайт, - деп жазат жактоочу.  - Белгилүү болгондой, Икрамжан Илмиянов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакыны, ал шайлоо учурунда штабды каржылап турган».  

Ушул маалыматтарды булак катары көргөн Нурбек Токтакунов шайлоо штабына катышы бар жана Атамбаевге да, Жээнбековго да тарынган кишинин атын атайт. Депутаттар жарыяланган маалыматка ишеникен жок. Мисалы, КСДП парламенттик фракциясынын мүчөсү Искендер Матраимов с Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Тотакуновдун шайлоо штабынын чыгымы тууралуу маалыматка кантип жеткендигинен шектенет.

- Ал бухгалтерияга анча да көп эмес адамдардын катышы бар, - дейт ал. - Эгерде юрист ушундай далилсиз айыпка барса, анда эмне дей алабыз. Мен бул маалыматка ишенбейм.

Асель Кодуранова азырынча бул маселенин парламентте көтөрүлөөрүнөн шек санап турат. Анын айтымында, ал документ тууралуу пикир айткандан мурун кесиптетер менен бул тууралуу талкуулап көрүш керек.

- Бул акча тууралуу эч нерсе дей албайм, - дейт ал с Vesti.kg сайтына.

- Шайлооо компаниясынын убагында мен бул бухгалтерияга таптакыр тийешем жок болчу.

Кожобек Рыспаев интернетте ар ким ар нерсе деп жаза берет, анын баарын Жогорку Кеңеште талкулаганга болбойт деп белгиледи. Ал с Vesti.kg  сайтына бирөөнү айыптагандан мурун колуңда далил болушу керек деди.

- Маалымат берген киши президенттен көңүлү калган дейт Токтакунов, - деп мыскылдайт депутат. Эгерде көңүлү калбаса билип туруп жашырмак экен да ээ?

Мурдараак президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттыктын» журналисттерине президенттин Аппаратында жалган маалыматтарга комментарий берилбейт деп билдирген эле.

«Бул жалган маалымат экендиги көрүнүп турат, - деди ал. - Мөөр басылбаган, кол коюлбаган. Биз жалган маалыматка комментарий бере албайбыз. Шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековду каржылоо тууралуу маалыматтар өз убагында БШКга берилген жана расмий түрдө жарыя кылынган».

Ольга Федорчук

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх