Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Акчаны бюджеттен аз бөлүп, аны пайдалуу жакка жумшоо керек»

2019-жылы 61 пайыз мамлекеттик чыгымдар социалдык секторлорго коройт экен

Социалдык чөйрөгө бюджеттен акча бөлүп койсо эле иш бүтүп калбайт, анын пайдалуу жумшалышы баарынан маанилүү.

Экономика маселелери боюнча эксперт, профессор Төлөн Абдыров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2019-жылы 61 пайыз мамлекеттик чыгымдар социалдык секторлорго коройт деген билдирүүсүнө жогорудагыдай комментарий берди.

- Бизде дайыма социалдык багыт алган бюджет түзүшөт, ансыз болбойт, - дейт ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Биздин ИДП 7 миллиард доллардын тегерегинде, мамлекеттик бюджет болсо 100 миллиард сомдун тегереги. 20 млрд. сом билим берүүгө жумшалат, 10 миллиард сом - саламаттык сактоого жана башка. 61 пайыз социалдык секторго жумшоо туура эле болот.

Бирок башка да маселе бар - ушул каражаттар канчалык деңгээлде пайдалуу иштетилип жатат деген, деп белгилейт эксперт. Ошол эле билим берүү системасында, анын ою боюнча, акыбал жылдан жылга оор болуп бара жатат. Бул бюджеттен акча келип, андан сырткары чет элдик гранттардан каржылап жаткандагы көрүнүш.

- Саламаттык сактоо жаатында да көйгөй андан аз эмес, көптөгөн ооруканалар жаман акыбалда, жабдуу сатып ала алышпайт, - деп улантат Абдыров. - Жакыр үй бүлөлөргө бир гана жардам берилбестен, аларды жакырчылыктан чыгаруу да керек.

Белгилей кетели, кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы чыгымдын 61 пайызы 2019-жылы социалдык секторго жумшалат деп маалымдады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Мамлекеттик чыгымдын 61 пайызын 2019-жылы социалдык секторго багыттайбыз», - деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы Жогорку Кеңештин жынында.  

Анын маалыматы боюнча, бүгүн өлкөдө 647,2 миң пенсия алуучулар бар, Социалдык фонд төлөө үчүн 50,3 миллиард сом  жөнөтөт.

«Ошондой эле 372,6 миң жаран мамлекеттик жөлөк пул алышат, анын суммасы 10 миллиард сом, - деди Абылгазиев. - Аны менен бирге 330 миңге жакын адам бюджет чөйрөсүндө иштейт. Ал эми аларга төлөнүүчү акча 87 миллиардды түзөт. Эмгекке жараксыз адамдардан башка 700 миңден ашуун адам миграцияда жүрөт. Ошентип салык төлөөчүлөрдүн жалпы саны өлкөдө 914 миң адамды түзөт».  

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх