Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов: Жогорку Кеңешке ким көбүрөөк акча бергендер өткөн

 Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун экс-премьерлер жана экс-спикерлер менен боло турган жоолугушуусунда кандай суроолорду берейин деп жаткандыгын айтып берди

Кыргызстандын президенти калктын ар кайсы катмары менген сүйлөшө билгендиги мактоого татырлык. Мурдагы министрлер кабинетинин башчысы Феликс Кулов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Сооронбай Жээнбеков менен боло турган жоолугушуу тууралуу ушундай ойлорун бөлүштү.

- Мындай демилге бир гана жакшы ой калтырат, - деп белгилейт ал. - Кээ бирөөлөр чынында бул жоолугушууга мыйыгынан күлүп жатат. Бирок кимдин оозун жаба аласың. Азыркы заманда эч нерсеге ишенбегендер көбөйүп кетти. Белгилей кете турган нерсе президент каалаган жана калабаган нерсенин ишке ашып кетишин көзөмөл кыла албайт. Баарын убакыт көрсөтөт. Ошондуктан заманыбыз тынч болсун, албетте жакшы, бирок конкреттүү сунуштарды беришибиз керек.

Феликс Шаршенбаевич анын мамлекет башчыга көпсунуштары бар экендигин кошумчалады.

- Жоолугушуунун алдында мен ал сунуштарымдын эң маанилүүлөрүн алам, - деди ал. - Бул жоолугушууда президенттин жана өкмөттүн аппараты маанилүү ролду ойнойт. Айтылган сунуштар сөз боюнча калабы, же каралабы ошолордон көз каранды. Ар бир экс-спикер жана экс-премьер өзүнүн жана башкалардын каталарынан улам тажрыйба топтогон. Алардын көптөрү айтышы мүмкүн биз бир жыл гана иштеп калдык деп, бирок алардын ар биринин оюнда ишке ашпай калган пландары бар эле да.

Кулов мурда Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазгандыгын эскертти, анда өлкөдө эмнени өзгөртүү тууралуу айтылган болчу.

- Мен ага биринчи кезекте конституциялык кеңешме түзүүнүн зарылдыгын айтканмын, - дейт ал. - Азыркы Конституцияда кош бийлик болуп жатат:  жалпы эл шайлаган президент Конституция боюнча улуттук коопсуздук органынын башчысыны жана коргонуужагын дайындай алат, бирок алардын жоопкерчилик жагын болсо өкмөт алат. Туура, мыйзам боюнча президентке тышкы саясат маселелери менен алектенгенге мүмкүнчүлүк беришкен, бирок ал Конституцияда жазылган эмес. Бул мыйзамдагы кемчиликтер өлкөдөгү болуп жаткан бардык нерсеге жооп берүүгө алып келет, бирок экономикага кийлигишүүгө уруксат бербейт. Адамгерчилик жагын алып карасак ал жоопкерчиликти туура эле мойнуна алып жатат. Бирок юридикалык көз караш менен караганда мындай болбойт.

Андан сырткары, экс-премьер-министр шаарлардын мэрлерин да элдик шайлоо менен тандап алуу керек дейт.

- Биз үй бүлөлүк-кландык башкаруудан качып, партиялык-кландык башкарууга келип калдык. - дейт Кулов. - Депутаттар мэрлерди жана айыл өкмөттөрүн өздөрү шайлашат, алар болсо кийин ошолордон көз каранды болуп калышат. Бирок жергиликтүү өзүн өзү башкаруу элге баш ийиши керек да, элден көз каранды болушу керек эле.

Анын ою боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн шайлоо мыйзамын алмаштыруу зарыл.

- Мен муну өзүмчө ойлонуп жатам, - дейт ал. - Биз биринчи жолу парламентке барганда элдер партиянын лидерине добуш беришчү. Бирок кийин экинчи жолу барганыбызда Жогорку Кеңешке акчасы көптөр гана барып калды, элдин баары депуттарга нааразы болду. Революциядан кийин партиялык тизмени шашылыш түрдө түзүшкөн. Мен муну өзүмөн улам айтып жатам. Биз парламентке бара албай калдык, анткени акчабыз аз болчу. Бирок мунун да өзүнүн жакшы жактары бар эле - анткени бизбашкаларга окшоп акча уурдап депутат болуп алган жокпуз. Мен ушунун баарын президентке айтайын дедим эле. Менин оюмча, жоолугушуудан кийин мен президентке дагы бир ачык кат жолдосом керек. Анткени айткан сөздөрүмдүн баарын аргументтештиришим керек да.

Түшүндүрө кетели, Сооронбай Жээнбеков мурдагы премьерлер жана ЖКспикерлер менен жоолугушууга ниеттенип жатат. Иш чара 20-ноябрда болот. Бул тууралуу президент БУУнун башкы катчысынын жардамчысы Мирослав Енча менен жоолугушуу учурунда билдирди.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх