Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат: Урматтуу биздин депутаттар, силер кандай адепсиз желмогузсуңар!

 Чолпон Жакупова депутат Таабалды Тиллаевдин иштеп аткан пенсионерлердин пенсиясын токтотуу демилгесине нааразычылык билдирди

Пенсия - мамлекеттики эмес, ал жарандардын топтогон акчасы. Чолпон Жакупова депутат Таабалды Тиллаевдин демилгесине карата өз оюн социалдык тармактан билдирди.

«Бул күнүмдүк жашоонун жана пенсиянын өлчөмү тууралуу маселе эмес! - деп жазат ал. - Бул маселе мамлекеттин милдети боюнча жоопкерчилиги! Пенсия - мамлекеттики эмес, ал жарандардын топтогон акчасы. Бул үчүн алар ай сайын Соц.фондго беришкен иштеп жаткан учурунда жана аны мамлекет кайрып беришке милдеттүү алар пенсия курагына келгенде! Соц.фонд бул акчаларды жөн эле кармап тура турган жер эмес, ал бул акчаларды сактап турууда пайыздык киреше алат жана банкта айландырат. Силер кандай адепсиз желмогузсуңар, урматтуу биздин эл өкүлдөрү!!!»

(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)

Эске сала кетели, мурда  Vesti.kg сайты депутат Таабалды Тиллаевдин азыркы учурда иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясын токтотуу тууралуу сунушун жазып чыккан болчу. Анын ою боюнча, алар же айлык, же пенсия алышы керек. Эл өкүлү белгилеп кеткендей 40 миң адам республика үчүн көп. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо пенсия 5401 сом, ал эми орточо айлык 15,7 миң сом.

Кийинчерээк Тиллаев журналисттерге анын сунушу бардык жарандар үчүн эмес деп түшүндүрмө берген.

«Мен дарыгерлер менен мугалимдерди айтканым жок, айтайын дегеним пенсиясы көп соттор, бажычылар, каржы полициясынын кызматкерлери жана укук коргоо органдары тууралуу болчу», - деп келтирет анын айткандарын ЖМКда.  

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх