Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-премьер-министр: Жээнбековду сындаган болбойт, анткени анда маалымат көп

 Феликс Кулов эмне үчүн президенттин Кыргызстанда Ислам академиясын ачабыз дегени негиздүү экендигин түшүндүрдү

Кыргыз Республикасынын президентинин Ислам академиясын ачуу тууралуу демилгесине социалдык тармактын колждонуучулары жооп беришти. Баары бир ооздон анын кылаарга иши жокпу башка дешти, бирок алар туура эмес айтып жатышат. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына экс-премьер-министр Феликс Кулов билдирди.

- Жакында элдин баары динге агылып кирет, мындай жалпылыкка жол берүү коркунучтуу, - деп белгилейт ал. - Саясатчы алдын ала көрө билүүсү керек. Биздин дин башкалар аркылуу биздин улуттук каада салтиты талкалабашы керек. Биздин жарандарыбыз да кайсы бир жерлерден медреселерде, диний окуу жайларда окуганга аракет жасашат. Мейли окушса окушсун, бирок Кыргызстанда окушсун.

Феликс Шаршенбаевич орусиялык диний мекеменин иши менен таанышкандыгын кошумчалады.

- Алар ар кандай экстремисттик окуулардын алдын алышат, мамлекетке каршы иштетишпейт, - деп баса белгиледи ал. - Биздин имамдар башка жактан илим алып келип алып, башкача ойлоно башташат. Эгерде аларды Пакистанда окуп келгендер менен салыштырса, асман менен жердей айырмасы бар. Ошондуктан президенттин айтканында жүйөө бар. Мындай процесстерди колдон чыгарбоо керек. Бирок ошону менен бирге эле светтик коомдун өнүгүшүн да колго алуу керек. Сооронбай Жээнбековду бул сөзү үчүн сындаш керек. Ал эң туура сөз айтты. Анын үстүнө президентте бизге караганда маалымат көп, ошондуктан ал баарын билип турат.

Эске салсак, өткөн жумада Бишкекте «Ислам светтик коомдо» аттуу  II эл аралык конференция өттү. Иш чарага Сооронбай Жээнбеков катышты.  

Мамлекет башчы өз сөзүндө келечекте Ислам академиясын түзүү зарылчылыгын айтты, бирок анын ишмердүүлүгү мамлекет тарабынан теске салынып турушу керек.

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх