Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысы доллардын арасындагы милициянын күбөлүгүнө комментарий берди (сүрөт)

 Кашкар Жунушалиев ал купюраларды жасалма дейт, бирок териштирем деп убада берди

Интернет айдыңында кээ бир милиция кызматкерлер табелдик куралын, сүрөтүн, күбөлүгүн жана мундирлерин жарыялаган учурлар аз эмес.

Ошондой «мактанчаак милициялардын» биринин сүрөтүн окурмандар Vesti.kg сайтына жөнөтүшкөн. Сүрөттө Ош облусунун ИИБ кызматкеринин кызматтык күбөлүгү көрсөтүлгөн.

Ушул себептүү Vesti.kg сайты комментарий алуу үчүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен байланышты. Ал бул фактыны сөзсүз текшерлет деди.

- Мындай сүрөттөр укук коргоо органдарынын кадырына доо кетирет, деп баса белгиледи ИИМ башчысы. - Сөзсүз текшерүү иштери жүргүзүлөт. Бирок мен бул акчалардын жасалма экендигин көрүп турам. Андан сырткары, күбөлүк да жасалма болушу мүмкүн.

Ар бир эле кыргызстандык ушундай күбөлүк жасатып алса болобу, деген тактоо иретинде берген сурообузга Кашкар Жунушалиев ооба деп жжоп берди.

Кашкар Астаканович ошону менен бирге эле сүрөт кандай жагдайда тартылганына жараша болот деди.

- Эгерде бул чындап эле милиция кызматкери болгондугу аныкталса, биз аны сөзсүз табабыз, - деп белгиледи Жунушалиев.- Жаза ал сүрөт кандай шартта жасалгандыгына жараша болот.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www   



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх