Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Леонид Маевский Москвада опуза кылгандыгы үчүн камалды. Ал 15 жылга камалышы мүмкүн

 Мамдуманын мурдагы депутаты ушундай эле жол менен Өмүрбек Текебаевге да көрсөтмө берген

Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевский бирөөнү коркок билиш кылып акча өндүгөнгө кылган аракети үчүн камакка алышты. Сотто уктурулган материалдарга караганда ал 37,5 миллион доллар талап кылган. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги билдирди.

Москванын Тверь соту Мамдуманын мурдагы депутатын үчтүн айынын он төртүнө чейин камакка алды.

Маевский коркок билиш кылып ири өлчөмдө акча өндүргөнгө айыпталып жатат ( РФ КК 163 б. 3б.п б.). Эгерде айыбы аныкталса, аны 15 жылга камашат.

Иликтөөнүн маалыматы боюнча, Маевский белгисиз бирөө менен сүйлөшүп алып, 2018-жылы тогуздун айынын отуз биринде Москвада жабырлануучудан 37,5 миллион доллар талап кылган. Эгерде баш тарта турган болсо, аны шерменде кыла турган маалыматты жарыя кылам деп коркуткан. Бул факт боюнча жетинин айынын он төртүндө кылмыш иши козголгон. Анын эртеси Маевскийди кармап сот материалдагы ишке карап айыбын уктурду.

Соттук отурум жабык режимде болду. Мурдагы депутаттын жактоочусу ММК өкүлдөрүнүн катышпоосун каалап, соттон жараянды жабык өткөрүүнү суранды.

«Бул жерде мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыгын эске алып менин кошумчалайын дегеним, прессанын катшпоосун камсыздап берсеңиздер», - деп билдирди Маевский.   

Айыпталуучунун жактоочулары комментарий берүүдөн баш тартышты.

Эске сала кетсек, быйылкы жылы бирдин айында Леонид Маевский «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге каршы көрсөтмө берген болчу.

Ишкер 2010-жылы Текебаевге 1 миллион доллар бергенмин, акысына MegaCom уюлдук операторун сатуу маселесинде ыңгайлуу чечим чыгарып берүүнү суранган. Аны убактылуу өкмөт улутташтырып салган болчу. Бул нерсе кыргыз саясатчысын коррупция менен айыптоого шылтоо болгон.

«Ата Мекен» партиясынын лидери жана мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов мүлкү камакка алынып, 8 жылдан эрктеринен ажыратылышкан.

Медина Купсулдаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх