Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Балага сүйүнчү» жөлөк пулун берүүдө дагы кыйынчылык жаралууда. Кыргызстандыктар дагы арызданып жатышат.

Мамкаттоо болсо, аларда баары жайында экендигин, акча үзгүлтүксүз берилип жаткандыгын айтат

Бишкектин жаш үй бүлөсү бир айдан бери баласына сүйүнчү акчаны ала албай жүрүшөт. Бул тууралуу алты айлык Перизат Мидин кызынын апасы Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Мен быйыл бугу айында тун баламды төрөдүм, тогуздун айынын үчүндө «балага сүйүнчү» алайын деп документтерди даярдадым, бирок бизге дагы эле акчаны которуша элек, - дейт ал.

Жөлө пул алуу максатында Биринчи май райондук ЖААК бөлүмүнө арыз менен кайрылган.  

- Банктагы эсепти калтырып кеткенбиз, ЖААКта эки жумадан кийин түшөт дешкен, экий ай өттү акчадан дайын жок, - деп билдирди ал.

Vesti.kg сайты комментарий алуу максатында Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылды. Мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитов Мамлекеттик каттоо тарабынан эч кандай кечиктирүү жок экендигин билдирди.

- Жакында эле эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров келген, - деди ал. - Биз ага биз тарапта көйгөй жок экендигин далилдедик. «Балага сүйүнчү» анкетасын толтуруу процессинин жүрүшүн көсөттүк. Биздин тейлөөчүлөр дароо эле бардык маалыматты социалдык өнүктүрүү Министрлигине жөнөтөт. Бардыгы сааттай чыкылдап иштейт. Кочкоров өз кезегинде эми өзүндөгүлөрдү териштирип кечиктирүүнүн себебин аныктайм деди.

Эске салсак, 2018-жылы үчтүн айынан баштап «балага сүйүнчү» төлөө тууралуу мыйзам күчүнө кирген.

Жөлөк пулдун өлчөмү 4 миң сомду түзөт.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх