Аскар Акаев 90-жылдардагы кыргызстандык эң байлардын бирөө тууралуу айтып берди (видео)
Кыргызстандын атайын кызматынын мурдагы башчысы КР биринчи президенти ким тууралуу кеп салгандыгын түшүндүрүп берди
Кечээ фейсбук социалдык тармагында Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев өзүнүн досу тууралуу айтып берди. Мурдагы мамлекет башчы өзүнүн досунун атын Эсен деп атады. Ал 90-жылдарда Кыргызстанда эң бай адамдардын бири болгон экен. Видеону өз баракчасына Рустам Иса жайгаштырган.
Ал видеодо Аскар Акаев Эсен Исмаилов деген досу тууралуу айтат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Болот Жанузаков билдирди.
- Эсен Исмаилов 90-жылдары аябай кыйын ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты болчу, - дейт Болот Чыныбаевич. - Ал опера жана балет театрынын директору болчу. Исмаилов - Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор. Ал дүйнөгө белгилүү карате боюнча чемпион. Адам катары Эсен Жумазович жакшы адам, эң сонун үй бүлөнүн ээси. Ал өз эмгеги менен кадыр барк күткөн, балдарына, неберелерине билим берген. Бүгүнкү күндө анын окуучулары чоң жетекчилер, аскер башчылар.
Сөзүнүн аягында КР УКМКнын мурунку башчысы КМШ өлкөлөрүнүн аймагында Эсен Исмаилов тууралуу баары билишет деп билдирди.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www