Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдүн алтыны үчүн күрөшүшү керекпи?

Эгерде кенди иштетүүнү орто жолдон токтотуп койсо жүздөгөн тонна баалуу металлдар ал жерде түбөлүккө көмүлүп калат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр тууралуу санааркаткан ойлору тууралуу айтты. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө, министрлер кабинетинин башчысы кенди 2026-жылы жабылат деди. Бирок экономикага бул жааттан коркунуч жок, анткени жакын арада ишке кирчү башка ишканалар анын ордун жабат деди ал.

Ошонун негизинде ушундай билдирүү болдубу?

Кантип эле кыргыз өкмөтү Кыргызстандын пайдасына акчанын түшүшү үчүн аракет кылып калды, буга чейин болбой келбеди беле? Мындан ары эч кандай чара көрбөйбү? Чамасы, чиновниктер ачык жердин бетинен казып алуудаг башка да жер алдынан казса боло тургандыгын унутуп койгон бейм. Ал эми Кумтөрдүн жер алдындагы алтын кору кээ бир маалыматтарга караганда 200-400 тонна.

Кантип эле биз бюджеттин ушунча киреше бөлүгүн тизмеден сызып салабыз? Биздин өкмөттүн  Centerra Gold Ink компаниясы менен кызматташтыкты мамлекеттин кызыкчылыгына жакшыртуу жагын каалабай жаткандыгы билинип эле турат. Бул жерде эң эле жөнөкөй: бул нерсени мурда ишке ашырам дегендер азыр качып жүрөт, же жумушсуз жүрөт, же болбосо түрмөдө отурат.

Демек, чуу басылганча күтүп, эч нерсе кылбай туруу керекпи?  Centerra биздин акчабызды алса алып кете берсин, бирок кийин бул тууралуу бизден эч ким сурабайт деп жатышабы? Бул чоң жаңылыштык. Эчтеке кылбай отуруп алуу өкмөткө зыянын тийгизет. Анткени кийин өкмөт биз каалаган нерсени аткардыбы деп сурап алчулар болот.

Көз карандысыз эксперт Максат Мамытканов мындай кырдаалда өкмөт Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого милдеттүү, баардыгына барышы керек, алтурсун соттошуусу керек.

Ал Vesti.kg сайтына мамлекеттик комиссия тарабынан такталган 700 тонна алтындын Centerra 357 тоннасын казып койду деп түшүндүрдү. Эгерде компания 2026-жылга чейин дагы 100 тонна метал казып жибергенде да, дагы жер алдында 200 тонна калып калат.

- Эгерде  Centerra шахтаны жаап кете турган болсо, биз ал калган металды эч качан казып ала албайбыз. Анткени аларды мөңгү басып калат, - дейт эксперт. - Биз оңбогондой чыгым тартабыз. Табиятка мындай варвардык мамиле жасоого болбойт. Кыргыз өкмөтү баарын казабыз дегенсиңер, казгыла аягына чейин деген маселени коюш керек. Антпесе алар каймагын алып туруп, шахта курбай кеткени жатышат.

Максат Мамытканов Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Ал мамлекет башчыдан премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул маселе боюнча  Centerra Gold Inc менен ийине жеткире сүйлөшүүсүн тапшырууну суранган. Ошондой эле жер алдында калган 227 тонна алтын тууралуу эскертүүнү өтүнгөн.

«Centerra Gold Inc кантип бул 227 тонна алтынга жооп берет? - суроо салат эксперт. - Анткени бул таштап койгон нерсе үчүн биз миллиарддаган чыгым тартканы турабыз го?» .

Менимче, Кыргыз өкмөтү  Kumtor Gold Company у Centerra сатып алчу компаниялар менен кызматташып пайданы туура кылып бөлүп ала турган жагын да карап көрсө болот. Бул нерсе бүгүнкү күндө алып жаткан өтө аз дивидендге караганда ыңгайлуураак болмок. Кыскасы. өнөктөштөрдүн бири өкмөткө туура келсе , бири жолтоо болуп жатат окшойт. Мамлекеттин кызыкчылыгында өтө сак болуусу мактай турган касиет, бирок таптакыр чечкинсиз болуп мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып, бюджетке зыян алып келүү да туура эмес. Чамасы өкмөт өлкөгө пайдалуу жагына тобокелчиликке баруусу керек окшойт.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх