Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратура ушул кезге чейин Молдомуса Коңгантиевдин ишинин токтотулушунун мыйзамдуулугун текшере элек

 Кыргыз Республикасынын Башпрокуратурасынын тийешелүү башкармасы өзүнүн жыйынтыгын чыгара элек

Башпрокуратура мурдагы ИИМ башчысы Молдомуса Коңгантиевге карата козголгон кылмыш ишинин токтотулушунун мыйзамдуулугун текшере элек. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына өлкөнүн негизги көзөмөл органынан билдиришти.

- Иликтөөнүн алып барган башкармалык азыркыга чейин өзүнүн жыйынтыгын чыгара элек, - деп түшүндүрдү Башпрокуратурадан.

Эске салсак, мурда  Vesti.kg сайтына президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жайда Башпрокуратурага ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Коңгантиевге карата козголгон кылмыш ишин иликтеп, ага укуктук баа берүүгө тапшырма бергендигин билдиришкен болчу.

Молдомуса Коңгантиев КР КК 305 беренесинин 2б. 2,4,5 пункттарында каралган (Кызмат абалынан ашыра пайдалануу) жана 316-берененин 1б (Шалакылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бирок ушул жылдын теке айында ишти иликтөө токтотулган.

Вероника Малышева

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх